Эки жолу министр болгон Гүлнара Баатырова эмнени кыйратты?


Убагында жаңы келген бийлик Гүлнара Баатыровага жакшы шанстарды берген. Саламаттык сактоо тармагын жетектеди, андан соң эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болду. Ток этерине келсек, эмнени кыйратты? Ошол кездерде эл үчүн иштебейт беле? Бакыйган эки министрликти жетектеп, бирок артында коомчулук алкай турган жылуу сөз калдыбы? Биздин эсибизде жок. Аныгында Гүлнара Баатырова президент Садыр Жапаровдун ишенимин актаганда, командада сакталып, кызматын кылып жүрө бермек да, туурабы? Тилекке каршы, ал өзүн көрсөтө албай кетти. Эми карасаң Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп атат. Мындай ашкере амбициялуу, курулай популизмге сугарылган аракеттерге эл баа бериши абзел. Министр болуп жыргатпаган кадр депутат катары эмне кылат? Өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана кам көрбөсө, башка кандай артыкчылыктарды көрөбүз? Айтор, Гүлнара Баатырованын дараметин, дээрлик чабал ишмердигин көпчүлүк билиши керек го? Ооба, калыс баа берилиши кажет. Качанкыга чейин көз будамайлайт?
"Азия Ньюс" гезити











