Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Жеңиш Жоробеков жакшы иштеп жатат”

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Жеңиш Жоробеков жакшы иштеп жатат”

03-сентябрь, 20:31
1 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кадырлуу Бекболот агам машинасын айдап, бизге келип калыптыр. Бир нече суроолорду бере салдым.

-Байке, сиз саясаттан четтегени менин колума түшүп калдыңыз. Жашоо-турмуш боюнча ой-пикир бөлүшүп туруңуз. Машинаны качантан бери айдап жүрөсүз?

-- Март төңкөрүшүнөн (2005-ж) кийин кызматтан кетип, жарым жыл жөө жүрдүм. Анан менин шакиртим, ошол кезде ЖК депутаты Камчыбек Ташиев Ауди С4 деген 1991-жылы чыккан машинаны Германиядан өз каражатына алдыртып, мага тапшырды. Андан бери улам эскирип баратканын алмаштырып, башка төрт машина айдадым. Өмүрүмдө жаңы машина айдап көргөн жокмун. Алгачкы машиналарымдын жашы 14-15 жыл болчу. Соңкусу БМВ Х5 маркасында он жашта, 2014-жылы чыгарылган.

-Стажыңыз жыйырма жыл болуп калыптыр. Айдоочу катары кандай көйгөй айта аласыз?

-- Экөөнү айтсам болот. Биринчиси – тыгын. Экинчиси – машина токтотуучу орундардын жетишсиздиги. Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров менен өткөн жылы жолуккам. Ал шаарда элүү көп кабаттуу машина токтотуучу имараттарды курабыз деген эле. Азыркы мэр ошол идеяны ишке ашырса жакшы болмок.

-- МАИ кызматкерлеринин иши көңүлгө толобу?

-- Республикалык бул мекемеге полковник Жеңиш Жоробеков жетекчи болгону жакшы иштерди байкап жатам. Биринчиден, кечкисин көп тыгын жаралган кесилиштерде кызматкерлер өздөрү машиналардын тез өтүшүн камсыздаганы бизди, айдоочуларды абдан ыраазы кылат. Экинчиден, учурда МАИ кызматкерлери машинаны токтотушса сылык, маданияттуу мамиле жасашат. Демек, Жеңиш Жоробеков бул багытта талапты катуу коюп жатса керек.

-- Рахмат, байке. Жайыраак сиз менен спорт маселеси боюнча да маек куралы.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер