Жоки шайлоонун шермендесин чыгармай болду


Жарандык активист Жолдошбек Сыргаковду коомчулук жакшы тааныйт. Ал алагүү кезинде бийлик башындагыларды ашата сөгүү менен таанылган. Соцтармакка күтүүсүз жоруктарын чагылдыруу жагынан элдин көңүлүн буруп келет. Өлкөдөгү саясый иш-чараларда дароо пайда боло калып, ойдо жок жүрүштөрү менен кызымтал абалында сүйлөп, Фейсбуктун талкуусун жандантары белгилүү. Дал ушул Жоки каймана атындагы каарманыбыз аламанга аттанганын, мандатка жетсе бийлик кыла албаган көйгөйлөрдү чечип саларын айтууда. Жомок, мифтер быякта калчудай. Кыскасы, бул шайлоонун шермендесин чыгарчудай, көчө популярдуулугу өсүп атат. Мындан ары биздин саясый атаандаштык, аныгында парламенттин деңгээли кандай таризде өлчөнөрүн баалай бергиле. Балким, көпчүлүк ичип-жегич, алдамчыларга караганда “жылаңач баатыр” Жокини колдошобу? Элибизге жараша баатыры чыгат эмеспи...
"Азия Ньюс" гезити











