Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгер кайсы тери оорулары көп кездешеерин айтты

Дарыгер кайсы тери оорулары көп кездешеерин айтты

28-ноябрь, 12:51
1 207 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов кыргызстандыктар кайсы тери оорулары менен көп кайрыларын айтып, алар кантип жугарын түшүндүрдү.

Дарыгер тизмектеген тери ооруларынын ичинде мите козу карындар (митоз, грибок), трихофития, микроспория (чакалай — ред.) жана котур илдеттери бар. Булардын баары жугуштуу болуп саналат.

"Адамдардын дээрлик 80 пайызы буттун грибок оорусуна кабылышат. Анткени ал тез жугат, оорунун күчтүү белгилери жок болгондуктан адам тери оорусуна кабылганын түшүнбөйт. Өтүшүп кеткенде жагымсыз жыт пайда болуп, тырмактар кыйшайып, териде жара пайда болот. Негизинен башка бирөөнүн бут кийимин кийсе, же кыскан, тердеткен сапатсыз бут кийимден пайда болот, мончо да бул оорунун пайда болушун шартташы мүмкүн", — деген медик.

Ахмедов чакалай мектепте, күрөшкө катышкан балдар арасында көп кездешерин айтып, аны туура эмес дарылаган учурда кыздардыкы өнөкөткө айланып кетерин эскерткен. Ал котур менен ооругандар да көп кайрыларын белгилеп, бул дарт шейшеп, кийим аркылуу жугарын айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер