Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дыйкан-Кара-Кече унаа жолу жыбылып, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолу жыбылып, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес

27-август, 12:57
474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 

 Бир катар маалымат агенттиктеринде жарыяланган “ӨКМ жолду тазалоо боюнча иш алып барбай жатат” деген маалыматка байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

  Дыйкан-Кара-Кече жолунун бул бөлүгү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансында, тактап айтканда, №24 ЖТИте (Жолдорду тейлөө ишканасы).

2018-жылдын 24-майындагы "Жарандык коргонуу жөнүндө" №54 Мыйзамынын 9-берененин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык:

  “9-берене. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттери:

11) ведомствого караштуу объекттерде келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;”

  Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-августунда Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында 300 000 (үч жүз миң) м3 куб метр таш кулап, унаа жол жыбылып калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери, ӨКМдин Жумгал аймактык башкармалыгынын башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тартылып, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги аныкталган. Унаа жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулуп, Кара-Кече көмүр кенинин жумушчуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

  Комментарий алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылыңыздар.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер