Сот процесси: Кашкар Жунушалиевдин кадры Конок Өскөнбаев “Азия Ньюс” гезитинен утулду

2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн митинг болгон. Ошол митингдин катышуучуларына күч колдонуп, аларды аянттан кутурган ит менен кууп, желдеттерине сабатып, чилдей тараткан Кашкар Жунушалиев деген ички иштер министри бар эле. Биз анын ишмердүүлүгүн сындап жазсак, ага чычалап, сотторду сатып алып, 1000000 (бир миллион) сом айып пул салдырган. Анысын кийин Жогорку сот алып салды. Ошол “Бөрк ал десе баш алган” министр Кашкар Жунушалиевдин алдында Конокбай Өскөнбаев деген иштеген. Ал ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары кызматын ээлеп туруп (кийин жетекчиси болгон), кесиптештерин видеого тарттырып, анысын интернет сайттарга жайгаштырып, ышкыбоз блогердин ишин кылып, кесиптештери анын үстүнөн арызданышып, айтор, жөн жүрбөгөн “кызыл шапкечендин” үстүнөн кесиптештери материал беришкен. Аны биз жарыялаганбыз. Ошондон бери Конокбай Өскөнбаев менен соттошуп келатабыз. 2022-жылдын 19-майында бул ишке Октябрь райондук соту чекит койду. Судья Темирлан Карабеков “Өскөнбаев Конокбайдын “Азия Ньюс” гезитинин жана Сартбаев Асланбектин үстүнөн даттануусу чындыкка дал келбей тургандыгы жана кадыр-баркына, ишкердик беделине доо кеткендиги тууралуу жазган арызы кароосуз калтырылсын” деп чечим чыгарды.
Акыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан сот реформасы жемиштерин бере баштады окшойт. Ишти адилет, калыс караган судья Темирлан Карабековдун ишине ийгиликтерди каалайбыз!
"Азия Ньюс" гезити