Акыркы кабарлар
22:22
» Саясат » Министр Текебаев жеңил-желпи “блогерге” айланганда
Министр Текебаев жеңил-желпи “блогерге” айланганда
18-август, 18:35

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев башка коллегаларынан өзгөчө адам. Пиарды өтө жакшы көрөт. Баягы арабанын алдына чуркап алгандай образды билесиңерби? Куду ошондой. Майда-барат иштерден бери видеого, сүрөткө тарттырып, анысын соцтармакка жайылтып, ушундан кумар алат окшойт. Жөнөкөй, карапайым кызматкерлерди тилдеп, буйрук берип, өзүнчө чочоңдомой адаты да бар. Тынч эле жүрбөйбү? Андай деле кыйраткан ишин көрө элекпиз, дайыма эскертүү алып, төбөлдөрдөн тил укканы болбосо... Баса, Т.Текебаевдин “хоруна” кошулуп алып, кошо макташкан айрым жардамчылары жадап, четтеп кетишкени айтылды. Алар өз абройлорун сактайлы (!) дешкенби?
Кыскасы, бул министр жеңил-желпи “блогерге” айланды. Деңгээли ушул экен да. Чоң долбоорлордон, инвестициядан дайын жок, болгону жолдогу кара жумушчуларды урушуп, ошолорду зекип, анан жарнамага канып жүрөт... Жогору жактан тескеп, тартипке чакыра турган жетекчилер эч нерсени байкабаса, ушундай экен да."Азия Ньюс" гезити