Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды
Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды
28-декабрь, 12:30
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 28-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды.
Бир күндө вирус дагы 295 адамдан аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 79 миң 429 адам. Анын 73 миң 300ү сакайганы айтылды. Ал эми бир күндө 295 адам ооруканалардан айыгып чыгышты.