Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Болгонбаев: “Өмүрүмдөн да өнөрүмдү жоготуп алуудан корком”

Азамат Болгонбаев: “Өмүрүмдөн да өнөрүмдү жоготуп алуудан корком”

13-февраль, 13:19
1 035 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында төкмө акын, КР эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Ага чейин төрагалыкты аркалап келген Жыпар Жекшеев баардык милдеттерин тапшырып кеткен. КТРКнын байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Бошогон бир мүчөлүк орунга КТРКнын директорунун мурунку орун басары Шайырбек Абдрахман уулу сунушталып, парламент карап, жактырды. КТРКнын байкоочу кеңешинин ишмердиги, чыгармачылыгы тууралуу Азамат Болгонбаевди кепке тарттык.


-- Азамат мырза, жакында эле байкоочу кеңештин төрагасы болуп шайландыңыз. КТРКнын “коомдук канал” деген макамы болсо да, коомдук канал болбой жатканын айтып, ар дайым сындап келишкен. Азыркы абалы кандай болуп жатат? Бул боюнча байкоочу кеңеш кандай иш алып барууда?  

-- “Коомдук” деген нерсени ар кандай кабыл ала турган учурлар болот экен. КТРКга мен эки жыл мурун байкоочу кеңешке мүчө болуп келген учурда “руханий, маданий баалуулуктарга басым жасайм” деген өңүттө оюм болгон. Себеби, руханий, маданий деген нерселерди кээде көңүл сыртында калтырабыз, же аткаруу татаал болчу. Мен үчүн КТРКнын руханий баалуулугу да биринчи орунда. Анткени, биз каалайбызбы-каалабайбызбы, КТРК 60 жылдык тарыхы бар телевидение. Көптөгөн баалуулуктарды сактап турат, сактай албагандары да көп. Анан эми биз коллегиалдык орган болгондон кийин негизгиси, мыйзамдык нормаларга баш ийишибиз керек. Мыйзамды ачканда эле “КТРК коомдук макамга ээ мамлекеттик канал” деп жазылып турат. Албетте, мамлекеттин да, коомдун да талаптарын так аткарган канал болуш керек. 

-- Коомдук канал катары иш алып бара албай жатышы эмнеден болушу мүмкүн? 

-- Каналды коомдук кылуунун жөнөкөй эле багыттары -- ошол жерде иш алып барган адамдардын бирин-экин ишмердигине жараша эле болуп калат экен. Ооба, КТРКдан кээ бир учурларда ар кандай көрсөтүүлөр кетип калып жатат. Бирде артык болуп, бирде кем болуп атат. Кемчиликсиз иш болбойт экен. Бирок, ошол учурда сынды туура кабыл алып, калыс пикир айтылып, жыйынтык чыгып турганы жакшы. Себеби, 2017-жылдагы шайлоодо биз “кезексиз жыйын өткөрөлү, эң жок дегенде моралдык жоопкерчилигибизди аткарып, шайлоодо КТРК акыйкат туруп берсин” деген нерсени да кыла албай койгонбуз. “Жок дегенде КТРК калыс пикирибизди айтып туралы” деген мүмкүнчүлүктөн тыш калганбыз. Мен азыр байкоочу кеңештин төрагасы катары чын дилимден ошондой кемчиликтерди кетирбегенге аракет кылам. Келечегибиз жакшы болот буюрса.

-- Кайсы бир деңгээлде КТРКнын жетекчилиги, же байкоочу кеңеш жогору жактын көзүн караган учурлардан тыш болууга кудуретиңер жетеби?

-- Кудайга шүгүр, жаңы директор менен бир жылдан бери иштешип келатабыз. Аны жаңы шайлап жатканда мен “сиз саясый кырдаалдарга бекем туруп бересизби?” деп суроо салгам. Ал “турам” деп убада берген. Бир жылдан бери саясый чоң деле кырдаалдар, шайлоо ж.б. боло элек. Ошентсе да бекем туруп эле иштеп жатабыз. Бийлик тараптан да ашкере “муну бергиле, тигини чагылдыргыла, каралагыла” деген команда болгон жок. Кой-Таш окуяларында да биз эки тараптуу маалымат бергенге чын дилден аракет кылдык. Жакында отчет беребиз, мен бул нерселерди баса белгилеп айтканга аракет кылам. 

-- Байкоочу кеңештин курамында эмне өзгөрүү болгону жатат?

-- Байкоочу кеңеш 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланат. Азыр 14 мүчө менен иштеп жатат. Жыпар Жекшеев төрагалыкты да, мүчөлүктү да өткөрүп берип кеткен. Жекшеев президенттин квотасынан келген эле, эми анын ордуна дагы президенттин квотасы менен мүчө киргени жатат. КТРКнын мурдагы орун басары болуп иштеп келген Шайырбек Абдрахман уулу ЖКнын тийиштүү комитетинен жактырылып, жалпы жыйында да колдоо тапты, катарыбызга кошулду. Шайырбек мырза медиа жагын жакшы түшүнөт. Эми сапатыбыз мындан да жакшырат, жакшы иш алып барганга өбөлгө түзөт деп ишенем.

-- Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз, төрага болуп, ишиңиз дагы көбөйсө керек? Жетишип жатасызбы, чыгармачылыгыңыз, акындыгыңыз кантип атат?

-- Байкоочу кеңешке келгенде да, төрага болуп шайланарда да ушул нерселер менин жүрөгүмдү өйүттү. Мен өмүрүмдөн да өнөрүмдү жоготуп алуудан корком. Чыгармачылык – Кудайдын берген шыбагасы, улуу касиети. Акындыктын өзү саясат, акындыктын өзү коомдук иш деп эсептейм. Ошондуктан, бул нерсени Кудай өмүр берсе, кайсы учур болбосун чогуу алып жүрүүгө аракет кылам. 


Динар Турдугулова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер