Улукбек Кочкоров: “Баткендиктерде кооптонуу, корунуч күч”


-- Баткен облусундагы чек ара аймагында жашаган жергиликтүүлөрдөн кабар алып келдиңиз. Андагы элдин маанайына, ой-пикирине токтолсоңуз?
-- Негизинен жалпы элдин маанайы жакшы эмес десем болот. Аларда бүгүн деле кооптонуу, чочулоо бар. Үйлөрү өрттөнгөн жарандарга анда жашаш кыйын болуп калды. Ошондуктан алар “мамлекет үйлөрүбүздү башка жакка куруп берсе” деген ойлорун айтышууда. Ал эми азыркы өрттөнгөн үйлөрдү “өз күчүбүз менен чакан кылып тургузуп, дача катары колдонсок” деп атышат. “Эгер кандайдыр бир жаңжал чыгып кетсе, коопсуз аймактарга курулган өз үйлөрүбүзгө кача тургандай болсок” дегендер бар.
-- Туруксуз жашоо турбайбы. Эгер мамлекет тарабынан эл айтып жаткан пикирлер эске алынса, анда чек ара аймагындагы абал кандай болуп калат?
-- Албетте, ал жерлерди биротоло таштап кетүүгө болбойт. Анткени, тажиктердин көздөгөнү ошол болуп атат да. Муну жергиликтүү калк дагы түшүнүп турат. Ошондуктан жергиликтүүлөр мамлекет тарабынан коопсуздукту камсыздоо, чек араны чечүү маселелерин күтүп атышат. Жерибизди сактап калуу үчүн мамлекет жарандардын тынч жашоосуна болгон күч-аракетти жумшап, коопсуздук чараларын толугу менен чечип берет деген ишеничтемин.
-- Жергиликтүүлөрдүн арасында өз жеринен таптакыр эле көчүп кетип жаткандар жок бекен?
-- Ал жактын жашоочуларына башыбызды ийип, таазим кылсак болот. Алар киндик каны тамган жеринин баалуулугун жогору койгон адамдар экенине баа берем. Анча-мынча кеткендер бар болгону менен дээрлик баардыгы эле ошол жерди коргоп, эч кимге бербейбиз (!) деген эл.
-- Эл тарабынан чогулган гуманитардык, акчалай жардамдарды даректүү пайдалануу жагы кандай болуп атты экен?
-- Мен баардыгына жооп бере албайм. Өзүбүз дагы чогулуп, 21 миллион сомдон ашык суммадагы ар кандай жардамдарды көрсөттүк. Ал жардамдар даректүү берилип жатты. Ал эми жалпы элден атайын фондго түшкөн акчалай каражаттардын эсеби ачык-айкын болушу керек. Анын отчету толук берилбесе, анда Дача-СУга берилген жардамга окшоп, эл арасында ишенбестик орун алат.
-- Эки элдин жөнөкөй тургундарынын, кошуналарынын арасындагы мамилелерде өзгөрүүлөр барбы?
-- Мен сизге мындай түшүндүрөйүн. Мисалы, Ак-Сай менен Ворухтун ортосунда кадимкидей асфальт көчө бар. Тажиктин дагы, кыргыздын да дарбазасы ошол көчөгө чыгат. Алардын ортосу ашып кетсе 8-10 метрге жетет. Эми ошол тажик тараптын үйүнүн дубалында кадимкидей автомат менен атканга ылайыкталган тешиктер көрүнүп турса, алар менен кандай мамиле болушу мүмкүн?..
-- Аны ошол жерде жашаган жөнөкөй тургундар жасаганбы?
-- Менин оюмча, муну жергиликтүү тажикстандыктар эмес, атайын уюшулган топтор бийликтин уруксаты менен жасаган. Анткени ошол окуяларда бейтааныш адамдардын көп болгондугу жөнүндө да айтылууда.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











