Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаира Махмудова: “Жаңы конуштагы аялдардын ден соолугу жүрөк оорутат”

Шаира Махмудова: “Жаңы конуштагы аялдардын ден соолугу жүрөк оорутат”

22-март, 19:15
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


№12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ҮДТ жетекчиси менен маек...

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ак-Ордо конушундагы №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ҮДТ жетекчиси болуп эмгектенгенине 10 жылга жакын убакыт болду. Ушул жылдар аралыгында бул конуштагы аялзатынын ден соолугу менен күрөшүп, колунан канчалаган аялзаты сакайып, канчалаган ымыркайлар жарык дүйнөгө келди.

-- Ар бир күнүңүз айымдардын ден соолугун көзөмөлдөө менен өтөт да. Бизде айымдардын ден соолугу кандай абалда? 

-- Ар бир аялзаты өз ден соолугуна кайдыгер болбой, жок дегенде бир жылда бир жолу көзөмөлдөн өтүп туруусу абзел. Эмчек бездерин текшертип, ж.б. дарттарын аныктап алуусу шарт. Ден соолугу чың аял болгондо гана ден соолугу чың бала төрөлөт. 

-- Өзгөчө кайсы дарттар менен көп кайрылышат?

-- Көбүнчө өнөкөт дарттар менен кайрылышат. Азыр аялдар арасында вульвовагинит, кандидоз (молочница), жатын моюнчасынын эрозиясы, киста ж.б. дарттар менен ооруп кайрылгандар көп.

-- Аборттордун саны азайдыбы?

-- Аборттордун саны азайып, үй-бүлөнү пландаштыруу жумуштары кеңири тарап жатат. Аборттун кесепетин түшүнүп, сактанууга далалат кылгандар көбөйгөнү байкалууда. 

-- Айымдардын ден соолугу боюнча эмнелер жүрөгүңүздү оорутат?

-- Ак-Ордо жаңы конуш болгондугуна байланыштуу ички мигранттар абдан көп. Ар кайсы алыскы аймактардан келген келиндер өз ден соолугуна карабай койгон учурлар абдан көп кездешет. Өтүшүп кеткен дарттар менен арбын кайрылышат. Менин оюмча, элдин жашоо акыбалы жакшы эмес. Ошондой эле жаңы төрөгөн аялдар эмчек эмизүүнү эки жашка чейин улантып, сөзсүз сактануусу зарыл. Анткени интергенетический интервал деп коёт. Бир баладан экинчи балага чейинки аралык отуз алты айды түзүш керек. Отуз алты айдын аралыгына тогуз ай кош бойлуулугу, ары жакта эки жыл эмчек эмизүү, кайрадан алты ай өз калыбына келип, андан соң гана кийинки кош бойлуулукту пландаштыруу керек. Биздин конушта жаш үй-бүлөлөр, анын ичинде кош бойлуу аялдар абдан көп. Анан да жүрөк оорутканы – кош бойлуулугуна даярданбай эле, кош бойлуу экенин кеч жокко эсе. Ошондой эле балага энеден өтчү дарттарды алдын ала текшертип дарылангандар аз. Алардын арасында аз кандуулар арбын. 

-- Айымдарга кандай кеңештериңиз же чакырыгыңыз бар?

-- Ар бир аял өзүнүн канча балалуу болушун, канча балалуу болгусу келерин пландаштырып алышы керек. Пландаштыруу убагында гинекологго кайрылуусу шарт. Алдын ала гемоглобинин, бөйрөк функцияларын текшертип, профилактикалык дарылануудан өтүп, фолий кычкылын ж.б. витаминдерди ичип, баарын пландаштырса, ден соолугу чың ымыркайды жарык дүйнөгө алып келишмек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер