Октябрь Урмамбетовдон милиция жетекчилери тажаганда


ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов милициянын аймактагы жана шаардагы жетекчилерине чалып, ар кандай кызыкчылыктагы иштерин таңуулоо менен тажатканы кандай? Карачы, чоңдугуна чочоңдой береби? Бул таризде өз ара талкуулар жанданып, бизге чейин угулууда. “Генерал” аты бар Урмамбетов табиятынан майда жигитпи, айтор, эзмеленип эле буйрук бере берет экен. Аракети мамлекеттин өнүгүшү үчүнбү, же жеке кызыкчылыгына байланганбы? Талдоого ала турган убакыт келди. Октябрь Урмамбетовго карата этиканы сактаган жетекчилер каяша кыла алышпай, аргасыздан эле айтканына макул болушуп, ичтеринен сөгүп жатышабы? Маселен, ИИМдин башка орун басарлары анчалыкка кетишпей, негизинен жумуш боюнча гана кол алдындагылардан суроо-талап кылышып, моралдык, мыйзамдык чийимден чыгышпаганын эшиттик. Ушундай. Биз коңгуроо кактык. Калганын жогорку жетекчилик таразалап, таамай баа берерине ишене туралы. Кыскасы, Урмамбетовдун тизгинин кагып койсо акылына келеби?..
"Азия Ньюс" гезити











