Кубанычбек Конгантиев бийликтин колтугунан жылуу орун таап, эркеталтаңга айланган кези


Дзюдо федерациясын жетектеген Жолдошбек Көлбаев өз каалоосу менен кетип, ордуна Кубанычбек Конгантиев дайындалды. Бул экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы. Абдан жолдуу экен. Бир канча жылдан бери Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы. Улам келген мэрди калчап, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу жагынан камчы салдырбайбы? Билинбей жүрүп алып байып, борбор калаадан кымбат мүлктөргө ээ болуп, көкүрөк керип калды го? Айтмакчы, Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин жооштугунан пайдаланып, артынан шылдыңдай карап, жаш баланы ойноткондой “фокустарын” көрсөткөнү эмнеси? Айтор, атасынын, агасы Молдомусанын аты менен Кубанычбек Конгантиев бийликтин колтугунан жылуу орун таап, эркеталтаңга айланган кези. Эртеби-кечпи бул жигитти да текешере турган мезгил мерчеми келет...
"Азия Ньюс" гезити











