Асел Акмат, теле алпаруучу: “Мен жаңы жылды майрам катары айта албайм”

-- Жолборс жылын кандай тосуп алдың? Жаңы жылды майрамдагандарга жана каршы чыккандарга эмне дейсиң?
-- Жаңы жылды Стамбулда эле жакындарымдын курчоосунда тостук. Тагыраагы, саат 00:00до бетимди жууп жатканда жаңы жыл кирип келди. Түркияда улуу муундагы кишилердин көбү жаңы жылды шаан-шөөкөт менен майрамдашпайт. Бирок жаштардын көбү достору менен бул күндү белгилешет. Мен жаңы жылды майрам катары айта албайм. Болгону календарь боюнча эски жылдын аяктоосу жана жаңы жылдын башталышы катары кабыл алам. Бирок жаңы жылды белгилеген жакындарымды майрамы менен куттуктайм. Анткени, мен ар бир адамдын тандоосун сыйлайм. Ошон үчүн да жаңы жылды майрамдагандарды да, майрамдабагандарды да туура түшүнөм.
Жаңы жылга болсо бир эле максатым бар. Ал – жашоо! Анткени убакыт өткөн сайын ар бир секунд баалуу болгонун түшүнүп жатам жана барган сайын мурдагы маанилүү нерселер маанисизге айланып бараткандай. Ошондуктан Түркияга келгенден бери өзүмдү көбүрөөк материалдык эмес, руханий жактан байытуу менен убарамын. Анткени өзүмдүн жандүйнөм ток болуп, бактылуу болуп турсам, айланамдагы жакын адамдарымды да бактылуу кылып, башкаларга колумдан келишинче жардам бере алам го...
"Азия Ньюс" гезити