Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки күндүк карга шайы келбеген Айбек Жунушалиевдин “кашаңдыгы”

Эки күндүк карга шайы келбеген Айбек Жунушалиевдин “кашаңдыгы”

16-декабрь, 14:41
672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайрадан Бишкек мэри болгон Айбек Жунушалиевдин бошоңдугу, ишти илгиртпей алып кете турган идирегинин жоктугу сын-пикирлерди жаратууда. Эки күн кар жааса, шаардагы жолдорду, тротуарларды тазалата албай, шайы кетти. Убагында уюштуруучулук аракетин кыла албай, “кашаңдыгын” көрсөттү. Борборубузду ыш-түтүн каптаганы, машина тыгындары, транспорт тартыштыгы, акыр-чикирлердин убагында тазаланбай калышы, айтор, күнүмдүк жасалчу эле иштер көйгөйгө айланды. Мэр Жунушалиевден инвестиция тартууну, реформа жасоону эч ким күткөн жок. Жөнөкөй гана аткара турган милдеттерин кыла албаганына, мажирөөлүгүнө, боштугуна таңгалып жатабыз. Бизде чыйрак, тажрыйбалуу кадрлар арбын, эмне үчүн аларды электен өткөрүп, татыктуусун мэр кылбайбыз? Баягы эле ичкүйдүлүк, кызганыч болсо керек да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер