Бетховендин махабаты...
1806-жылы Бетховен Венага келгенден тарта фортепианодон сабак берген Тереза Брунсвикке (Teréz Brunszvik de Korompa) үйлөнөт. Тереза да композиторду сүйчү.
Алар баш кошор алдындагы көз ирмемди Тереза минтип эскерет: “Ошол күнү биз паркта кездештик. Ал мага “мен азыр опера жазып жатам. Башкы каарман менин көкүрөгүмдө, көз алдымда, кайда барсам ошол жерде. Мен биринчи жолу ушундай бийиктиктерге көтөрүлдүм. Бар-жогу жарык, бардыгы таза, тунук. Буга чейин мен жолдо майда таштарды чогултуп, жанында өскөн ажайып гүлдү көрбөгөн сыйкырдуу жомоктогу баладай болчумун...” деди.
Жубайлар никеде төрт жыл гана болушту. Бирок, Тереза айым Бетховенди көзү өткөнчө унутпай сүйдү. Өз портретине “Сейрек гений, улуу сүрөткер, жароокер адамга” деп жазып, ага тартуулайт.
Бетховен 1816-жылы “Тереза жөнүндө ойлосом эле жүрөгүм аны биринчи көргөн күндөгүдөй кага баштайт. Бул керемет жанды ойлосом, жүрөгүм көкүрөгүмдөн чыгып кетчүдөй болуп булкунат. Бирок ал менин жанымда жок. Бечара Бетховен, сен үчүн бул дүйнөдө бак-таалай жок!” деп үшкүрүнө жазат.
"Азия Ньюс" гезити