Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карганбек Самаков бул дүйнөдөн жазасын албаса, аркы жайдан “жанчылат” го?

Карганбек Самаков бул дүйнөдөн жазасын албаса, аркы жайдан “жанчылат” го?

01-январь, 15:31
2 336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин режиминде Карганбек Самаков бийликтин “жүгүрүгү” сымал жүрчү. Өзгөчө Жаныштын кареги менен тең айланып, анын арты менен Чүй облусунун Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка айыл өкмөттөрүнөн жүздөгөн гектар жерлерге мыйзамсыз ээлик кылганы эсиңердеби? Анын артынан ондогон адамдар арызданышып, ЖМКларда кыйла талкуу, сын-пикирлер жаралган. Акыры Алмазбек Атамбаевдин президенттик учурунда соттолуп кеткенин билесиңер. Бул эргул “куугунтук көрдүм” деп ооз көптүрүп жүрөт, калп айтат, себеби, Самаков бийликке эч качан оппозиция болгон эмес. Колунун туткактыгы, алдамчылыгы үчүн айыпталганы жалганбы? Сатып жиберген жер аянттары үчүн жооп бербейби? Тилекке каршы, бул “шылуун” жакында акталып кеткени кабарланды. Көшөгө артынанбы? Ушунчалык оор кылмышка шектелген, элди сыздаткан адамдын ойт берип, “таза” чыкканы Кудайга жагабы? Мейли, акыры бул дүйнөнүн каары дагы да тийсе керек, болбосо аркы жайдан “жанчылат” го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер