Тойго төрт күн калганда сиңдим “турмушка чыкпайм” деп баш тартты


Жакында кичүү сиңдибизди турмуш жолуна узатып, кыз узатуу тоюна даярдап жүргөн элек. Жаш болсо да, “тагдырым ошол” деп туруп алган эле. Биз “жашсың, шашпа” десек да болбой, чечимин чыгарып койгон.
Кафе менен сүйлөшүп, элге чакыруу тараттык, кийим-кече, жасалгалар, тамак-аш баары даяр эле. Тойго болгону төрт эле күн калган, бирок ошол күнү капыстан сиңдим келип, көзүнө жаш алып, “эже, менин жүрөгүм тынч эмес, тийбейм” деп чыкты. Баарыбыз мелтиреп эле туруп калдык. Ата-энебиздин канча мээнети, даярдыгы текке кеткендей болду. Бир чети күйөөгө даярданып турган тарап да шок абалда. Кафелер толук брондолгон, эл күтүп турат...
Көрсө, сиңдим “истихфара” намазын окуп, андан кийин түшүндө бир жаман белги көрүптүр. Ошондон кийин жүрөгү кысылып, ичинен бир нерсе “барба” деп тургандай сезилиптир.
Эми үйдө ар ким өзүнчө нааразы, бири аны түшүнө албай, башкалары ыйлап отурушат. Ата-энебиз кайгырып, биз да ортодо эзилип жатабыз. Бир жагынан кыздын чечими, экинчи жагынан элдин суроосу жай алдырбайт. “Кантип эле төрт күн калганда той болбой калсын?” дешүүдө.
Болочок күйөө бала деле жакшы, адептүү, ичпейт, татынакай жигит. Тагдырдын сыноосу ушул окшойт, адамдын жүрөгү бир нерсеге бекем ишенет, кээде ички сезим каршы чыгат тура...
Нурида
"Азия Ньюс" гезити











