Кечээ Көлбаевге арыз жазган Буркановдун бизнеси гүлдөп атканда

Үч жылдан бери Арзыбек Буркановдун күнү тууп атат. Баткенди калчап, кадр саясатына аралашып, бизнестин “битин сыккан” кербези. “Керемет” банктын имаратындагы 10-кабаттан чоң чарчы метрдеги пентхаус офисин байырлап, ташы өйдө кулап аткан чак. Бизнесмендер, айрым чиновниктер үйүр алышып, улам барган сайын Буркановдун айланасына адамдар көбөйгөнүн көргөндөр кеп кылышууда. Ар бир бийликтин тушунда байлыкка оңой келген ушундай адамдар болот тура. Качанкыга чейин чалчактайт болду экен?
А баса, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин уюшкан кылмыштуулукту тазалоо иш-чарасы катуу жүрүп, качканы качып, камалганы түрмөлөргө киргизилген. Агезде Камчыбек Көлбаевдин үстүнөн Арзыбек Бурканов арыз жазып, коркутууга кабылганы ачыкталып, каржылык жактан жабыркоого учураганы аңызга айланды эле го? Бирок доосун тез эле кайра алып, артка секирген. Ошондо аягына чейин турганда Көлбаев мынчалык күчтөнмөк беле? Каргашалуу окуя да орун албаса керек...
"Азия Ньюс" гезити