Турсунбек Бейшенбеков: “Жеңиш Разаков Тажикстанда үч күн камалганын мойнуна алган”

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун өкүлү Курсан Асанов менен “Чындык” сайтынын ээси Турсунбек Бейшенбековду күнөөлөп, соттордун көңүлүн бурдурган эле. Бул боюнча 14-апрель күнү сот Турсунбек Бейшенбековдун акыркы сөзүн укту.
-- Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызуу талкуу болуп, кыргыз делегациясы Тажикстанга комиссиянын төрагасы болуп барып, ошол күнү кечинде протоколго ылайык принципиалдуу маселе каралып атса, Жеңиш Разаков комиссияны таштап коюп, тажиктерге кетип, ошол жакта түнөп, эртеси келгени жалганбы? Экинчиси, мен эч качан жашынган эмесмин. Баткенге барып эл менен жолугуп, Разаковдун ким экенин аныктагам. Керек болсо ошо кездеги президент Жээнбековго ачык кайрылуу жазгам, Разаковдун ишмердигиндеги кемчиликтерди тизмектеп, “жумуштан алыңыз” дегем. Журналист катары ар бир ишимдин жоопкерчилигин сезем. Разаков түшүнүк кат жазып жатат. Ошентип жазгандан уялып, жерге кирип кетсе болмок, биз менен соттошпой. Ачык жазып жатат: “секрет носитель” адам паспорту жок күбөлүк менен өткөнүн, ал жерде үч күн камалганын, УКМКда суралганын мойнуна алып атат. Ошол учурда аны менен барган кошуна өлкөдөгү кесиптешинин тагдыры аянычтуу бүткөнүн элдин баары билет... Эртели-кеч Разаковдун ким экени аныкталат!