Акыркы кабарлар
» Коом » Аксыдагы айылдыктарды коркуткан бугулар
Аксыдагы айылдыктарды коркуткан бугулар
17-октябрь, 12:24

Аксы районунун Чоңтовар-Сай айылына түшүп келген бугулар айыл тургундарын чочулатып жатканын жергиликтүү айылдыктар «Азаттыкка» маалымдашкан. Алар тараткан кайрылууда: «Эки жума мурда бир мүйүзү арааланып кесилген бугу айылга келип, мектепке каттаган окуучуларды жана малды кубалап, коркунуч жаратып жатат. Атүгүл кээ бир автоунааларды сүзүп жиберген учурлар катталды. Бул багытта биз жергиликтүү бийликке жана токой чарбасына кайрылганыбыз менен чара көрбөй жатышат» деп айтылат.
“Азия Ньюс” гезити