Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жасалма номер, жасалма сүрөт чуусунан кызматкерлер иштен кетти

Жасалма номер, жасалма сүрөт чуусунан кызматкерлер иштен кетти

13-декабрь, 15:40
938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында коомчулукка талкуу жараткан «Мерседес» үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттин номерлүү унаа тууралуу иликтөө иштери жүргүзүлүп, унаанын ичиндеги сүрөт коллаж экени аныкталды. 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. Мындан сырткары 4 кызматкерге ар кандай тартиптик жазалар берилди.

Аталган факт боюнча айрым кызматкерлерге карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган.

Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке каккан. Кийин унааны башкарып бара жаткан айдоочу такыр башка жаран экени маалымдалаган болчу.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер