Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министринин милдетин аткармай болду

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министринин милдетин аткармай болду

15-февраль, 12:01
549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек Бейшеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Президент өзүнүн башка жарлыгы менен мурдагы министр Болотбек Купешовду ээлеген кызматынан бошоткон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-февралда мамлекет башчынын жарлыгын окуп, билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевди тааныштырды.

Жапаров жаңы дайындалган башчы билим берүү жана илим тармагын жакшы билерин белгилеген. Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиевге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоого, билим берүү системасынын бардык баскычтарында натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды койгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер