Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды

Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды

05-июль, 11:43
234 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинаны Орусиянын кол салуусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 750 миллиард доллар талап кылынары 4-июлда Швейцариянын Лугано шаарында өтүп жаткан ири эл аралык саммитте айтылды.

Украин премьер-министри Денис Шмыгаль талкаланган шаарларды жана алардын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча үч этаптан турган планды ишке ашыруу үчүн каражат катары биринчи кезекте орусиялык олигархтардын конфискацияланган активдери жумшалышы керектигин белгиледи.

Алардын жалпы суммасын украин өкмөтүнүн башчысы 300-500 миллиард доллар деп баалады.

“Бул кандуу согушту орус бийлиги баштады. Бардык талкалоолорго ошолор жоопкер жана алар жоопко тартылышы керек”, - деди ал.

Украин президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу жасаган кайрылуусунда калыбына келтирүү иштери бардык демократиялык дүйнөнүн жалпы милдети болушу керек экенин белгиледи.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер