Турат Акимов, серепчи: “Алмаз Атамбаев душмандарын жеңе албайт”

-- Курманбек Бакиев келгенге чейин эле улам бир талкууну жаратышып, коомчулукту текшерип жатышабы? “Кар жаады, из басылды” дегендейби?..
-- “Бармак басты, көз кысты” макалындай. Акырындан элди көндүрүп атышат. Бул маселе Минскиде эчак чечилген, бирок Дубайда 6 президент менен бекибей калган. Кийин өлгөндөргө ифтар, тигичүү цех убадаланган. Эми финалы келди. Ачык сот – бул саясый оюн. Бакиев акталат, толук ишенген үчүн ал келатат да. Буга чейин айрымдар кандай акталышса, сот ошондой эле болот...
-- Учурда оппозициячыл күчтөр майтарылып, бийликти сындагандар дээрлик жокко эсе. А бирок соцтармакта карапайым элдин ачуу пикирлери көбөйүп баратат го? Буга кандай баа берсе болот?
-- Алмаз көжалды колдомок, эгер... Бирок Алмаз Атамбаев душмандарын жеңе албайт. Бүгүн ага каршы үч клан бар... Ал эми Сапар Исаковду актоо – бул адилет таразасын орнотумуш эткен мультфильм. Жаңжал чыкпайт, лидер жок. Убактылуу өкмөт “өлгөн”, чачыраган, сатылган, бири-бирин жеп тынышкан. Аларды эч ким колдобойт жана коргобойт. Жадагалса фейк-армиясы жок.
-- Чындап эле Курманбек Бакиев келсе, анда эл Алмазбек Атамбаевди колдоп кетпейби? Же бул боюнча билермандар жөн эле сөз айтып атышабы?
-- Философиялык баа берсе болот. Нааразычылык көп, бирок аны ким каршылыкка айландыра алат? Кеп ошондо. Жаңы оппозиция жарамсыз, анткени “урук кезинде” эле жок кылынып келатат. Эркин бийлик бутактары болсо кошомат менен жашап калган, мыйзамдуулук формализмге айланганы жалганбы? Калганын Кудайым билет…
"Азия Ньюс" гезити