Баа берилбейби? Акылбек Мамасейитовдун кызматкерлери кылмыштарга шектелүүдө...


S-LINE кооперативинин шылуундары үй салып берүү үчүн акча жыйнашып, аягы чоң чатак менен аяктады. Орто жерден Ош ШИИБнин тийешелүү жетекчилери 120 миң долларды “кымырышып”, кылмышка шектүүлөрдү эркиндикке чыгарып жиберишкени кандай? Бул жагынан күңүрттөшүп, тынчып калды. Милициялар менен алдамчылар камыр-жумур кызматташса, баа берилбейби? Төбө чачты тик тургузган жоруктарга таңгалып коюп, убакытты өткөзө беребизби? Эгерде кылмышка шектүү “кызыл шапкечендер” камалышса, начальник Акылбек Мамасейитовго көрсөтмө беришеби? Өзү башында турду беле? Бой көтөрүп жүрүп “бовой” калды го... А баса, Оштун милициялары буга чейин да наркотикалык заттарга байланыштуу айыпталышып, бирок башкы жетекчилиги “дың” эткен эмес. Акылбек Мамасейитовдун иштегенге моралдык укугу калбай калса да, күчтүү “крышасына” таянуу менен тайраңдай береби?
"Азия Ньюс" гезити











