Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “120 депутаттын 108и кайра келе жатышат”

Назира Айтбекова: “120 депутаттын 108и кайра келе жатышат”

29-сентябрь, 17:31
611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“120 депутаттын 108и кайра келе жатат. Болгондо да сөз эркиндигин тыйгандар, эркиндикти башка өлкөгө өткөрүп берчүлөр, өлкөнү соодалап сатчулар, ток балдар, көздөрүн май баскандар келе жатат! Таразанын бир ташында ушулар, берки ташында элден чыккандар, жаңы жүздөр, акылдуулар бар. Шайлоо баарын чечет! Эл – чоң күч! Күчүбүздү билбей жатабыз! Шайлоого жылда 1,5 миллион эле адам катышат. Калганы кайдыгер болуп жатып алат. Анын жарымы акчага сатылгандар. Шайлоого жарамдуу элдин саны 3,5 млн. Мурун барбай, кайдыгер карап жүргөндөр, ойгонгула! Сенин добушуң – улуу күч! Ошон үчүн сатып алганга аракет кылып, чуркап жүрүшөт. Акчасын алган күнү да кабинага киргенде сен жана сенин тандооң калат. Кимге шайлаганың билинбейт. Тандап шайла! Дебаттарды ютубдан көрүп чыккыла! Ар бир партия менен тааныш болгула! Эчен жылдан бери саясатта жүрүп, жерин, элин саткандардын таттуу тилине кирбей, жүрөгүндө жалыны барларды, эскиликтен тажап, жаңы нукка бараткандарды шайлагыла! 

Тандоо көп! “Баарына каршы” дегенде жеңилебиз! Кайра эле көпөстөр келет! Элдик партияларда акча жок, калып калышат алар. Ойгон, элим! Бир туралы!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер