Төлөнбек Абдыров: “Баары доллар менен болуп жаткандан кийин кымбатчылык күтүлбөй койбойт”

-- Доллар кымбаттап, валюта алмаштыргандар, доллар сатып алгандар кескин көбөйдү. Валюта туруксуздугуна байланыштуу азык-түлүк, күйүүчү май баасы кескин жогорулабайбы?
-- Бензиндин баасы 90 сомдон дагы жогорулашы мүмкүн. Анткени доллар 95 сомго көтөрүлүп калды. Россиядан биз дайыма эле доллар менен соода кылабыз. Же рубль менен кылган күндө дагы рублдерин долларга байлап коюшат. Доллардын кымбатташынын кесепетинен бензинди кымбат алып жатабыз.
Бизде акчалуу ишкерлер товарларын алып келгенге сөзсүз түрдө доллар керек. Ал үчүн Улуттук банк азыр өз иш-аракеттерин көрүп, интервенция кылып, стабилдештирүү багытында иштерди жүргүзүшүүдө. Учеттук ставка деп коёт. Аны 10%га чейин көтөрүп, депозиттердин ишин жакшыртуу чарасын көрүп жатат.
Азыр кредиттик механизмдердин баарын колдон келишинче колдонуп жатышат. Мен ойлойм, эми акырындап туруктуу абал келет. Өкмөт антикризистик ар кандай программаларды түзүп жаткан кез. Бирок аны түзгөн күндө дагы биз көпчүлүк убакта чет жактан алып келип жаткандан кийин, долларга муктажбыз. Баа өссө да айла жок, кымбат баа менен алабыз. Эгерде туруктуу болуп, баа өспөсүн десек, сөзсүз түрдө өзүбүздүн өндүрүшүбүздү кеңейтишибиз зарыл. Азык-түлүк коопсуздугуна кире турган өсүмдүктөрдүн баарын өзүбүз өстүрүп, иштетип чыгышыбыз керек.
Кымбаттоо, албетте, күтүлөт. Биздин ортодогу соода доллар менен болуп жаткандыктан, товардын баасы дагы кымбат болот. Министрлер кабинети сом менен рублге өтүү боюнча жумуштарды жүргүзүп жатышат. Сом менен рублге өтсөк, Россиядан арзан эле товарларды алып келмекпиз. Баары доллар менен болуп жаткандан кийин, азык-түлүктүн кымбатташына сөзсүз таасирин тийгизет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити