Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карапайым элди Марипов кайсы күнү кабыл алат?

Карапайым элди Марипов кайсы күнү кабыл алат?

22-февраль, 12:19
1 434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт премьер-министр Улукбек Мариповдун жана вице-премьерлердин жарандарды кабыл алуу графигин бекитти.

Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.

График:

· Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды 9, 23-мартта жана 6-апрелде кабыл алат;

· Биринчи вице-премьер Артем Новиков 3, 17, 31-мартта жана 14-апрелде кабыл алат;

· Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 4, 18-мартта жана 1, 15-апрелде маселе менен келгендерди кабыл алат;

· Кайрылууну каалагандар өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Жеңиш Асанкуловдун 2, 16-марттагы жана 6-апрелдеги кабылдамасына да жазылса болот.

Өкмөттүн жетекчилери жарандарды аталган күндөрү саат 17:00дөн 19:00гө чейин министрлер кабинетинин имаратынын биринчи кабатындагы №24 кабинетте кабыл алат. Документте муктаждык жаралса министрлер да чакырылары айтылган.  

"Спутник"
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер