Жээликкен талапкерлерди “жиликтеп-туздаган” Бакмурат Токтогулов


Блогер Бакмурат Токтогулов парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун тамтыгын чыгарып, Фейсбуктагы баракчасына, дээрлик группаларга жарыялап, алардын өткөн чактарын “чукуп” баштады. Мындай карасаң соо киши жоктой. Коррупцияга айыпталгандар, алдамчылар, ар кандай кылмыштарга шектелгендер – жапырт эле мандат үчүн ашыгып алышкандай сезилет да. Ооба, Бакмураттын жазганы боюнча алганда. Кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакын эй! Азыркы тапта ак эмгеги менен байыгандар өтө сейрек эмеспи. Анын сыңарындай, Бакмурат Токтогулов талапкерлерди ашкере шыбап, жүздөрүн ачып жатканы бекер жерден болбосо керек. Жээликкендерди “жиликтеп-туздап”, ашмалтайын чыгарууга белсенгени кызык. Эрикпейбиз. Бул көрүнүш бир эсе орой мааниде көрүнгөнү менен талапкерлер соцтармактын элегинен өтүүсү абзел, алардын ким экенин билүү эл үчүн маанилүү да. Айтор, шайлоо алдында буркан-шаркан түшүү машакатына Бакмурат салым кошчудай...
"Азия Ньюс" гезити











