Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгиз төрөгөн 27 жаштагы келин коронавирустан каза болду

Эгиз төрөгөн 27 жаштагы келин коронавирустан каза болду

30-июнь, 16:45
907 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн суткада Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө жаңы төрөгөн 27 жаштагы келин коронавирустан каза болду. Анын артында эгиз ымыркайлар калды.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева 24.kg маалымат булагына билдиргендей, аял коронавирустун белгилери менен төрөт үйүнө түшкөн. Маркум кесарево ыкмасы менен 34-35-аптада (8 айлык) эгиздерди жарыкка алып келди. Ымыркайлар №4 төрөт үйүндөгү ара төрөлгөн наристелер үчүн бөлүмдө.

«Операциядан кийин бул келинде пневмония өрчүп кетти. Биз аны сактап кала албадык. Ал бешинчи суткада жан берди» дейт дарыгер.

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 7 бейтап каза болуп, жалпы курмандыктардын саны 57ге жетти.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер