Артур Медетбеков: “Оппозицияны кысымга алуу жакшылык менен бүтпөйт”
-- Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчылар кысымга алынбайбы, кандай ойлойсуз?
-- Жаңы бийлик келгенге чейин деле оппозиция болгон, азыр да бар. Бирок, оппозициянын иш аракети ар кандай болот. Кээ бирөө радикалдуу, кээси конструктивдүү. Айтат элем, оппозициялык маанайда саясатчыларга же кыймылга кысым көргөзүү баардык эле мамлекеттерде болуп келген. Эгерде оппозициялык кыймылдар өздөрү мыйзамды бузушуп, мыйзамга каршы иштешип, туура эмес багытты карманышса, башаламандыкка апкелишсе, “революция же төңкөрүш жасайбыз” дешсе, анда мамлекеттин күч структуралары тарабынан жазасын алышат. Эгерде мамлекетте эл тарабынан нааразычылыктар көбөйүп, күч структуралары начар, алсыз болсо, анда конструктивдүү оппозиция учурдан пайдаланып, бийликти алмаштырууга баардык шарттарды түзөт. Ошондуктан, кандай болбосун, бүгүнкү күндөгү оппозициялык кыймылдар, радикалдуу болобу же конструктивдүүбү, алар мамлекеттин туруктуулугу, коопсуздугу, элдин бүтүндүгү үчүн өздөрүнүн салымдарын кошушу керек. Бирок, кээде күч структуралары кайсы бир саясый топко, бийликке жагыныш үчүн “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, ошол эле оппозициялык топту, кыймылды, саясатчыны камап, кысым кылганы абдан туура эмес. Бизде андайлар болуп келген. Анын арты жакшылык менен бүтпөгөнүн далай ирет көрбөдүкпү.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg