Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Бирназаров: “Эски система жаштардын талабына жооп бербей калды”

Темир Бирназаров: “Эски система жаштардын талабына жооп бербей калды”

15-октябрь, 14:08
722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Биздин өлкөнүн саясаты сиз тарткан “Белгисиз маршруттай” эле болуп кетти. Акыры кандай болот?

-- “Белгисиз маршрутту” кайра бир көрдүм. Бул тууралуу дагы бир жаңы тасма тартайын деген ойлор бар. Бир аптадан бери шумдук окуялар орун алды. Бизде саясый система жеке кызыкчылык, баюу үчүн эле курулган система болуп калды. Партиялык система – бул дагы Текебаевдин саясаттан бизнес жасай койгон иши. Мамлекеттик масштабда элдин жашоосун оңдойлу деп ой жүгүртүшпөйт. Салган үйлөрүн карасаң, өзүнчө мамлекет кылып курчап алышат. Акүйдү дагы бүт темир менен курчап алышкан. Мисалы, Чехиянын борбору Праганы жана башка Европа мамлекеттерин карасак, Акүйүнүн айланасы ачык, президенттин кирип-чыгып жатканын көрүп турасың. 

-- Элдин аң-сезими кандай ойдо калтырды?

-- Элдин аң-сезими жетилди. Элди ушул акыбалга алып келген мамлекеттик чиновниктер өздөрү күнөөлүү. Азыркы элдик толкундоо адилетсиздиктен келип чыкты. Эл баарына чыдайт: жокчулукка да, ооруга да, кыйналганга да. Бирок адилетсиздикке, калыссыздыкка чыдай албайт. Мына, кандай партиялар келгенине күбө болдук. 

Толкундоо социалдык кыйналуудан келип чыккан жок. Толкундоо адилетсиздиктен жаралды. Мигрант болуп, жокчулуктун, карыздын сазына баткандар канча? Шайлоонун жыйынтыгы элди жарды. Аң-сезими төмөн эл эч качан адилетсиздикке баш көтөрүп карап, каяша кылбайт. 

Мындан ары бул система болбойт. Мурдагы система толугу менен жарабай калды. Азыркы жаштардын, азыркы адамдардын талабына жооп бере албайт. Ошондуктан толугу менен өзгөрүүсү керек. Эскилердин беттери ачылды, дараметтерин көрдүк. Элдин баары тарагандан кийин айрымдары ийиндеринен чыга калып, даана жүздөрүн ашкерелешти. Башка жакты кой, кино тармагында да коррупция тамырлашып кеткендиктен, биздин алыбыз келбей калган. Баары бири-бирине байланыштуу да... 

Майталканда отуруп, элдин эсебинен жыргап жашагандар кантип кеткиси келсин? Үйгө кирип кеткен келемиштерди да кетириш кыйын. Талкан, арпа болобу, кемирип жей беришет. Булар дагы келемиштер. Мисалы, биз жаңы үйгө көчүп киргенде үйдү тазалап, анан киребиз. Жаңы өкмөт башчы дагы баарын тазалап, анан иш баштоосу керек да... 

Адам болгондон кийин үмүт менен жашайт экенбиз. Эми “баары жакшы болот” деген үмүттө турабыз...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер