Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Валюта туруксуздугу боюнча жагдайлар ачылбай турат”

“Валюта туруксуздугу боюнча жагдайлар ачылбай турат”

31-июль, 08:30
2 830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Валютанын туруксуздугу экономика жаатында түрдүү ой пикирлерди жаратууда. Ошону менен бирге президенттин ишкерлерге болгон кол тийбестик боюнча жарлыгы тууралуу пикириңизди уксак?

Эмил Үмөталиев, экономист:

-- Бул сезондук өйдө-ылдый болушу ыктымал. Баардык жагдайлар ачылбай турат. Валюта туруксуздугу өлкөгө кирип чыккан акчанын киреше-чыгашасына да байланыштуу. Бул белгисиз факторлорду Улуттук банк, экономика жана коммерция министрлиги ачып бериши керек. Ошол жагдайды тастыктаган соң талкууну улантсак болот. 

Кечээ эле президенттин ишкерликке кол тийбестик жарлыгы чыкты. Бул керектүү чакырык. Бул жарлыкка кечигип калган жокпузбу? Ишкерлерди чочутуп алган жокпузбу?” деген ой келет. Эми мындан ары оңдоп кете алабызбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Көп иш-чараларды аткарышыбыз керек. Бул жерде ишкерлерди дароо камап салбай, барымта же үй камагына алуу сыяктуу чараларды көрүү сунушталат. Муну башынан колдонгондо туура болмок. 

Кубан Чороев, экономика боюнча эксперт:

-- Импорт менен экспортубуз кошулганда биздин ички дүң продукциянын 60-70%ын түзөт. Бул деген биз тышкы факторлордон көбүрөөк көз каранды экенибизди билдирет. Ошондуктан, биздин улуттук валютанын курсунун туруктуулугу Улуттук банк үчүн биринчи орунда турат. Анткени, тышкы фактор бизде күчтүү. Акыркы 20-30 жылда улуттук валютанын кунун кармап туруу приоритети биринчи орунга коюлган. Ооба, бизде туруктуулук бар, акчанын массасы ар дайым азыраак болуп, көзөмөлдө турат. Моделибиз туура эмес болгондуктан, башка арга жок. Улуттук банк экономиканы садага чабуу менен ушундай модель менен келатат.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер