Абжалиев кылмышка шектелген Мамасейитовго генералдыкты берүүнү оозанды. Шылдың!

Депутат Алиярбек Абжалиев Баткен ОИИБнин начальниги Акылбек Мамасейитовго генералдыкты берүү демилгесин Жогорку Кеңештен көтөрдү. Анын айтымында, чин-даражасы жогоруласа Тажикстандын жетекчилери менен теңата сүйлөшүп калат имиш. Кайран логика! Эске салсак, Мамсейитов опер кезинде “Мэри” кафесинен пивонун кружкасы менен бирөөнү башка чаап, оор жаракат келтиргени, натыйжада, кылмыш иши козголгонун билесиңерби? Акыры акчанын күчү менен баары “жым-жым” болгону айтылат. Кийин талап-тоноого да шектелди беле? Акылбек Мамасейитовдун кесипкөйлүк дарамети жетишпегени, бирок калтасы калың болуп, улам келген министрлердин эбин таап, карьералык секириктин кыныгын алат. Жалал-Абад ОИИБсине начальник болуп барып, көпкө узабай мүдүрүлөт эй. Ишинде кетирген катачылыктары боюнча Кашкар Жунушалиев кызматтан айдайт. Кызыгы, көп өтпөй министрдин мээсин айландырып койгонбу, айтор, Мамасейитов ИИМге “майлуу кызматка” келип, андан соң Баткен ОИИБнин начальниги болуп кетет. Эми ал жактан да кыйраткан иши жок, коомдук-коопсуздук абал начарлап, тажиктер менен күн алыс чыр-чатак чыгып, айтор, иштей албай “иритип” атканы жалганбы? Дал ушундай “томолонгон” кадрга генералдыкты Абжалиев алып берип койсо, ансыз да кадыры кеткен милиция шылдың болот да!
Aryba.kg