Акыркы кабарлар
» Коом » Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатышат
Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатышат
27-сентябрь, 11:36

Бишкек шаарынын тургуну элдик кабар бөлүмүнө кайрылган. Окурман учурда борбор калаада Орусиядан жарандардын келиши арбын болуп жатканы себептүү батир ээлери ижара баасын кымбаттатып жатканын айтып, нааразы болду. "Акыркы окуялар фонунда, тагыраагы Орусиядан жарандардын агылып келиши күчөп жаткандыктан батир ээси келип, бизди батирден чыгып кетишибизди айтты. Биз кайда барарыбызды билбей жатабыз. Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатат. Ал эми биздин ченелүү маянабыз менен батир ижарага алуу кыйынга турууда. Эмнеге карапайым эл кыйналышы керек. Урматтуу батир ээлери, ижара бааларын кымбаттатууну токтотууну суранабыз. Анткени акчаны адамгерчиликсиз жол менен табууга болбойт", - деп кайрылган ал.










