Толгонай Солтонова: “Айбекти балдарыбыз сагынып, куса болуп ыйлашат”

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча камалган активисттердин соту башталганы турат. “Биз ата-баба мурасын аткарып жатабызбы? Эмне үчүн коркок, кайдыгер, мокок болуп баратабыз? Ойгонолу, ойлонолу намысыбызга, арыбызга келели, бир тууганым!” деп акыркы катында үн каткан Айбек Бузурманкуловдун камалганына да төрт айдын жүзү болуп баратат. Ак жеринен абакта күн кечирип жаткан саясый туткунга боштондук болот деген үмүттөбүз. Биз Айбектин жубайы Толгонай Солтонова менен маек курдук.
-- Айбексиз төрт айга жакын убакыт кечирдиңер. Балдар сагынышкандыр... Күтүп жатышабы?
-- Балдарга башында билинбесе да азыр “сагындык, атам качан келет?” деп сурап жатышат. Кичүү уулум Тагай атасы кайда экенин да билбейт. Эки жаштагы эгиз кыздарым да аталап ыйлап калышат. Эгиз кыздарым уктап жатып, “ата-а” деп чочуп ыйлаган күндөрү да болду.
-- Айбектин жубайы катары анын “элим, жерим” деген мекенчилдик сапаттарына кандай баа бересиң? “Эл” деп жүрүп үй-бүлөсүн унуткан учурлар деле көп болсо керек?
-- Руху, духу күчтүү мыкты адамдар гана эли, жери тууралуу ойлонуп, жеке кызыкчылыгын унутта калтырып, баш-оту менен киришип кетет экен. Негизи мекенибиз үчүн чуркап жүргөнү – бул ар бир үйдөгү бактылуулукка, жаркын келечекке салым кошууга жан үрөп чуркап жүргөнү деп ойлойм.
-- Акырындап сот иштери башталып жатат. Соттон кандай чечим күтүүдөсүң? Буюрса калыстык болобу?
-- Негизи сот баштала турган күнгө да жеттик. Күздө камалды эле, минтип кыштын да кары эрип бүтүп баратат. “Үмүт адамдан кийин өлөт” деген макал бар. Балдарымды кубандырып, Айбектин бошонуп келерин ойлоп, терең үмүттөмүн. Жашыруун сот дагы кандай чечимдери менен чочутарына, таңгалдырарына же кубандырарына аз күндө баарыбыз күбө болобуз. Ак жеринен элине, жерине күйгөн мекенчилдигинен бейкүнөө абакта жаткан Айбекке боштондук болуп, калыстык орун алып калар деген үмүттөмүн.
-- Кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшкөн жолдошуңдун ойлоруна көз карашың кандай?
-- Негизи, Айбектей элим дегенде ичкен ашын жерге койгон адамды азырынча кездештире элекмин. “Эл” дегенде көзү жайнап, башкача сезимде болуп кетет. Кыргызстан өсүп, өнүгүп, келечекте гүлдөп өскөн мамлекет болоруна дайым ишенет. Ошого салым кошкусу келет.
“Ак шумкар кут” уюмунда көп жылдардан бери жан үрөп, мекенчил уул-кыздарды тарбиялап келди. Кыргыз элинин келечеги, Айбек күткөн жаркыраган келечек алдыда деп ойлойм. “Кандай мамлекет болсо, ошондой башчы келет” деген сөз бар эмеспи, ошондуктан азыркы абалга жеткенге өзүбүз себепкербиз. Негизи, биз ар бирибиз ички дүйнөбүздү өнүктүрүп, өстүрүп, балдарыбызды татыктуу тарбиялашыбыз керек деген ойдомун.