Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Муктаждарга канчалык көп жардам берсең, сага Кудайдан эки эсе кайтат”

Марлен Маматалиев: “Муктаждарга канчалык көп жардам берсең, сага Кудайдан эки эсе кайтат”

27-март, 12:21
1 117 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, “Ынтымак” партиясын жетектеп, шаардык жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна ат салышып атасың. Катарыңар негизинен чиновниктердин, байлардын балдарына тизилгенин кандайча түшүндүрөсүң? Карапайым элдин билимдүү уул-кыздары саясатка аралаша албайбы?..

-- Жергиликтүү шайлоолорго 14 шаардан катышып жатабыз, колдон келишинче баардык жактарга талап койдук, “таза адамдар жана жаштар болсун” деп. Ошол эле Бишкекте тизменин 79%ын жаштар түздү. “Жалаң тазаларды тандадык” деп айта алабыз. Ал эми “жалаң чоңдордун балдары” деген туура эмес маалымат. Ошол эле учурда айрымдары бар, бирок алардын шайлоого аттанышына ата-энелеринин эч кандай тийешеси жок, менин өзүмдүн же команданын жеке тааныштары. Мисалы, кесиптешим Кыдыралиев Умбет экөөбүз Жогорку Кеңеште жанаша отурабыз, бирок баласы жөнүндө бир да сөз болгон эмес жана айткан да жок. Тескерисинче, “балам силердин катарга кириптир го?” деп сурап калды. Анткени анын баласы менен чогуу “Азия Моллдо” иштегенбиз, кийинчерээк ал ЦУМда менин өтүп кеткен досум бар эле Даир деген, ошонун колунда иштеди. Үч жылдан кийин гана билдим Умбет байкенин баласы экенин. Туура, апасы менен сүйлөшкөм, ал киши менен да “Азия Моллдо” чогуу иштешип калганбыз. Ошондо деле билген эмесмин баласы экенин. Ал эми Закир Шараповдун кызын биздеги 2-номердеги Кубанов Нурсултан тааныштырды. Жибек Шарапова буга чейин оорукчан балдарга жардам берип, майыптар үчүн мектеп ачкан экен. Адис катары ишмердүүлүгү жакты, атасы менен ушул күнгө чейин бул жөнүндө сүйлөшкөн да эмесмин. Ал эми Жолдошбаевдин иниси менен илгертен бери эле шайлоолордо чогуу иштеп келгенбиз. 

Негизи, кандай болбосун баласы же кызы атасына жооп бербейт. Ал эми мен айткан кесиптештер кандайдыр бир коррупциялык схемага аралашып, бюджеттен акча уурдашкан эмес. Ал эми дагы бирөөнү айтып кетсем, Туйгунаалы байкенин баласы менен бир короодо чогуу өсүп чоңойгонбуз. Атасын көрбөгөнүмө 2-3 жыл болду окшойт. Ошентип тизмебизде 90% карапайым элдин уулдары жана кыздары, жигердүү, жаратман, прогрессивдүү, таза жаштар.

-- “Ынтымак” партиясын президент Садыр Жапаров көзөмөлдөйбү? Канчалык тийешеси бар?

-- Садыр Нургожоевич аралашкысы келгенде “Мекенчил” партиясын алып чыкмак да. Көрдүк го, бул жакшылыкка алып келбесин. Мен ойлойм, эң туура чечим болду. Мына, тескерисинче, “шайлоодо сатып алуулар орун алса, баарын камайбыз” деди. Ошол сөздөргө ишенип, көп каражат жок эле чыгып алдык.

-- Башында “Республика – Ата Журт” менен депутат болдуң. Былтыр “Мекеним Кыргызстан” аркылуу парламенттик шайлоого катышып, эми “Ынтымак” партиясынын лидерине айландың. Улам бир саясый күчкө секире берүүнү кандайча түшүндүрөсүң?

-- Убагында Черчилль 11 жолу партия алмаштырган, бирок маселе анда эмес. Мына “Республика – Ата журт” өз ишмердүүлүгүн токтотту, андай партия жок азыр. “Республика” өзүнчө кетмей болду, анын жетекчиси баарыбызды топтоп, “мен саясаттан кеттим, өзүңөрдүн жолуңарды тапкыла. Мындан ары саясатта болбойм” деди. Мен ошондон кийин ал кишинин өзүнөн уруксат алып кеттим. Бизнес жаатында чогуу иштерибиз калган өнөктөш катары... 

-- Аз убакыт болсо да Райымбек Матраимов менен саясый үзөңгүлөш болуп калдыңар. “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен бир командада шайлоого аттанып. Учурда Райым мырза камакта, ооруп жатат. Анын ден соолугуна тынчсызданып, абалын сурадыңбы? Башына иш түшүп турганда колдоо пикириңди айта аласыңбы?

-- “Мекеним Кыргызстандан” деле белгилүү окуялардын кийин жакшынакай адамдык мамиле менен кеттим. Искендер байкеден “иниңиз кандай?” деп Райым Матраимовду сурап турам. Ал эми ушундай “секирик” деген сөз ээрчибеш үчүн өзүбүздүн партиябыз, команда менен чогуу кеттик. Эгер бийликтин партиясына кетсем, башка маселе эле. Буга чейин деле бийликтин партиясында болгон эмесмин. 

-- Чоң саясатта туруктуу болуу маанилүүбүЖе бийликтин улам алмашканына жараша позицияны өзгөртө берсе болобу?..

-- Негизи саясатта туруктуулук жок экенин көрдүм. Атам дайыма айтчу “түз жүрсөң адашпайсың” деп. Позициямды өзгөртпөй эле келатам. Негизги позициям – элиме кызмат кылуу. Мына, Жээнбековдун убагында коркпой эле (ковид учурунда, смог учурунда) “премьер-министр кетсин” деп айтып чыккам. Адилеттүүлүк үчүн абакта отурган же сыртта жүргөн байкелер боюнча (Өмүрбек Бабанов, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков) өз позициямды коркпой эле “саясый куугунтук” деп айтып, интервью бергем. Чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп эле келатам.

-- Мамлекеттик кызматкер Абдырахман Маматалиевдин уулу катары саясатта ийгилик жаратып атканың ыраспы? Мындайча айтканда, атаңдын таасири, колдоосу ушул даражага жеткиздиби?

-- Атам мамлекеттик кызматкер катары керек болсо өлкө үчүн өз өмүрүн тобокелдикке салган. Эч качан уурдаган эмес, коррупциялык схемага аралашпады. Албетте, кичинемен бери баарын көрүп чоңойдум. Атам менен сыймыктанам жана “атамдай болоюн” деп аракет кылам. Ал чоң кызматта болгондо, мамлекетик кызматтан кетип калгам “тоскоол болбоюн” деп. Кийин атам кызматтан кеткенде, анан депутат болуп келдим. Аттанганда да оппозициялык партия менен келдим. Атам алгылыктуу иштеди, жакшы жетишкендиктерге жетишти. Мына ошону айрымдар көралбай, оюн кылып, жумушунан алууга шылтоо таппай, структураны өзгөрткөнгө чейин барышты. Кийин беш жылдай кордогонго аракет кылышты. Акыйкаттык бар экен, мына кечээ кайра жумушка орношту. Албетте, атам болгондон кийин кеңешем, сурайм, бир гана саясат жөнүндө эмес, ар кандай маселелер боюнча. Атам “чечкиндүү бол” деп тарбиялаган. “Окуттум, өстүрдүм, үйлөнттүм, аталык вазийпамды аткардым, мындан аркы жашооңду өзүң улант” деген. Бирок, айрым учурларда баары бир кеңеш сурап турам.

-- Депутат болгонго чейин кандай бизнестер менен алектендиңКанча мал-мүлкүң, байлыгың бар

-- Негизи эле бизнеске кичинемен бери аракет кылып жүргөм, айрым учурларда такси кызматында да жүрдүм. А чоң бизнесте болсо, курулуш системасында жүрдүм. Жогоруда айткан “Азия Моллду” жана бир топ соода борборлорун кургам. Мамлекетке чоң салык төлөп келгем. Байлыкка көп умтулбайм, акчанын кулу болгум келбейт. Тапканымды элге берип турам, шариатта айтылган нерселерди көп кылам. Берген жардамдарым көбүнчө жашыруун, айрымдары гана ачыкка чыгып калат. Байлыктын артынан чуркабайм, жанталашып топтобойм, аркы дүйнөгө алып кете албайм. Турмушка керектүү гана нерселерге ээмин. Акча бирде болуп калат, бирде болбой калат, ага көп деле кайгыра бербейм. “Муктаждарга канчалык көп жардам берсең, сага Кудайдан эки эсе кайтат деген принцип менен жашайм.


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер