Бакиевдин “куйругу” Ташбаев “Ыйман Нурунан” жыландын башын көрсөттүбү?
Кечээги Курманбек, Жаныш, Максимдердин кылмыштуу саясатын жактаган, алардын астында ийиктер чимирилген Учкунбек Ташбаев учурда “Ыйман Нуру” партиясынын идеологу болуп, даават айтып жүрөт. “Жон терисин” алмаштырган бул эргул парламентке келүү менен кайрадан эски ыкмасы аркылуу кыргызга кыянаттык кылууга кадам таштайбы? Бирок “Ыйман Нуру” парламентке өтпөйт, ошентсе да жамандыктын жышаанын байкатып койду го? Баса, бул партиянын лидери өңдөнгөн Нуржигит Кадырбеков динди сүйлөмүш этип, жексур менен болсо да коюндаш болууга даяр беле? Кечээги кандуу режимдин айынан эл арасында башын көтөрүп баса албай калган Учкунбек Ташбаев кайрадан акыл үйрөтүп, жыландын башын кылтыйтып атканы үрөй учурабы? Эмесе, көпчүлүк баа берип, мындайларды оолак сүрүп салуусу кажет! А болбосо артка кетебиз, мамлекеттин эртеңки күнүнө коркунуч жаралат...
Aryba.kg