Атасы коронавируска шектелген майып бала көз жумду
Кытайда мээ параличи бар майып баланын атасын карантинге жөнөткөн эки чиновник кызматынан алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, атасы оорулуу баланы бага турган жалгыз адам болчу. 16 жаштагы Янь Чэн өткөн жуманын шаршембисинде каза болгон. Андан бир жума мурун анын атасы менен агасы коронавирусту жуктурганга шектелип карантинге алынган экен. Майып бала үчүн тозокко айланган бул бир жуманын ичинде ага эки гана жолу тамак беришкен.
Янь Чэндин атасы Кытайдын Weibo социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу элден жардам сурап, анда өз алдынча кыймылдай албаган майып баласы жалгыз калгандыгын айткан. Бул коомчулукта чоң талкуу жаратып, бийлик иликтөө жүргүзөрүн билдирген. Жыйынтыгында, жергиликтүү коммунисттик партиянын катчысы менен ошол шаардын мэри кызматынан алынган.
Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 27 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган.
Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 4-февралга карата жалпысынан 24 миң 505 киши коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 492ге жеткен. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 900 адам айыкканы айтылат.
Aryba.kg