Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашым отуздан өткөндө ажырашкан адамды жактырып, азабын тарттым

Жашым отуздан өткөндө ажырашкан адамды жактырып, азабын тарттым

20-июль, 13:54
1 482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Отуз жашка чейин эч кимди сүйө албадым. Көкүрөгүм боштукта бул дүйнөнүн ушунчалык таттуулугун, ырахаттуулугун сезбей, кырчындай жаш күндөрүм өтүп жатты... 

Отуздан өткөндө капысынан ажырашкан адамды жолуктуруп, сүйүп калдым. Бул күндөрүм жашоодогу эң бактылуу күндөр эле. Ал адамдардын асылы эле. Ар бир сөзү, турган турпаты – баары суктандырды. Баардык тулку боюм, жандүйнөм менен ага берилдим. Бакыттын дайрасы эле. Анын ажырашканына он жыл болуптур. Өзүм болсо турмушка такыр чыккан эмесмин. Бир күнү баш кошууну сунуштап калды. Аны жанымдай көргөн жаным дароо макул болдум. Кубанычымда чек жок. Ошентип баш коштук. Балээнин баары баш кошкондон кийин башталды. Экөөбүзгө жолтоо болгондор көбөйдү. Мындан он жыл мурун ажырашкан аялы баш болуп, бизге тынч жашоо бергиси келбеди... Мурунку аялы, он жыл ичинде жүргөн кыздары күйөөмдү талаша баштады. Бир сулуусу болсо арзуу каттарын жазгандан эринбейт. “Баягы сиз менен бирге жүргөн күндөрдү сагындым. Кантип унутам? Сизди эч кимге бергим келбейт. Сизди өмүр бою күтөм. Ажырашыңыз. Ал сизди мендей сүйө албайт” деп жазылыптыр каттарында. “Сүйүүнүн азабынан акын болуп кеткем” деди. Ал дагы ачыкка чыгып, үйгө келе баштады. Ал келген сайын үйдө чыр-чатак башталат. Эмне кылышты билбей калдым. Ушундай күндөргө туш болом деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Күйөөмдү кызгана берип, жандүйнөм жанчылды, боюмдан түштү. Анан эле катуу ооруп калдым. Алсырап, кара тер кетип, бир нече күн төшөктө жаттым. Күйөөм да ооруду. Экөөбүз тең өлүп кала жаздадык. 

Көрсө, дубалашыптыр. Ишенүүгө туура келди. Жандырдык. Жакшы жашап жатсак, жашообузга кайрадан жаман адамдар пайда болду. Көрсө, алар күйөөмдүн бөтөлкөлөш достору экен. Аттиң, алар менен кете берип, акыры аракка алдырып баратты. Канчалык алардан ажыратууга аракеттенгеним текке кетип жатты. Кол көтөрө баштады. “Күнүгө арак ичип турабыз. А сен куюп турушуң керек” деп достору мени башкарууга өтүштү. Коломтобуздагы отко суу куюшту. Жалгыз калдым. Баары каптап кетишти. Алар жеңди, мен жеңилдим. Ушунчалык күйөөмө жиним келди. Бир жагынан жаным ачыды. Боорум ооруду. Кандай жакшы адам!..  Бул тирүүлүктө мен сүйгөн жалгыз адам. Бирок, бирок... Көрсө, мурда эле иччү экен. Ичкенинин азабынан аялы менен ажырашыптыр. Аны азыр билип отурам. Акыры коломтобуз өчтү. Кетүүгө туура келди... 

Канчалык сенден кордук көргөн күндөрүм көп болсо да, азыр сени күтүп күн өткөрүп жатам. Каалга кылдыраса же телефон шыңгыраса, сен чалгандай же келгендей болосуң, бүткөн боюм “дирт” дей түшөт. Азыр сени жек көрөм, жакшы да көрөм... бир байкушсуң. Өзүңдү, өңгөнү да барктабаган адамсың. Дагы деле болсо күтөм, ишенем, оңолуп, жаркылдап, уулум экөөбүзгө кайрылып келерсиң... Эбегейсиз үмүтүм, чоң тилегим бар...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер