Төлөбек Абдрахмановдун аракети жакшы, бирок проректору жарашпай турат...

Кыргызстанда 76 университет бар. Саны жагынан бул ырасында эле жогорку көрсөткүч. А сапатычы? Булардын арасында студенттеринин саны миңге жетпеген “карлик” университеттер да бир топ. Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Талас сыяктуу провинциалдык университеттердин студенттеринин да саны жылдан жылга кескин азайып, абитуриенттер борбордогу сапаттуу билим берген университеттерге өтүүгө умтулушууда. Быйыл өлкөдөгү ЖОЖдор арасында кабыл алуу боюнча Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети биринчи орунду камсыз кылган. Бүтүрүүчүлөрдүн сапаттуу билим алууну көздөгөнү ЖОЖдор арасындагы конкуренцияны огобетер күчөтөрү шексиз. Билим берүү жана илим министрлиги лицензияларды оңду-солду таратканын токтотуп, адистерди даярдоонун сапатын көтөрүп, билим берүүнү жаңы деңгээлге көтөрсө дурус болмок.
Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдрахмановдун аракети жакшы, бирок проректору Назаркул Ишекеев көңүлдөгүдөй иштебей атканы ректоратта ачык эле айтыла баштаганы жөн жерден эместир. Камчы салдырбаган жаштар жокпу?..
"Азия Ньюс" гезити