Ишкерлер криминалдар тарабынан кордолуудабы? Камчыбек Ташиевге кулак кагыш

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңыдан кызматына киришкенде криминалдык күчтөргө карата эскертүү берип, ишин баштаган. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун жоголорун айтканы эсибизде. Бул жааттан УКМК башында жакшы эле үлгү көрсөткөн... Бирок, соңку убактарда ишкерлердин кордук көрө башташканы, тымызын коркутууларга кабылышканы өз ара талкуу жаратууда. Алар арыздангандан коркуп калышканбы? Эмне, күч органдарынан ишеним кеткенби? Минтип отурсак инвестиция кайдан келсин? Мамлекеттүүлүк сакталабы? Айтор, ушундай олуттуу суроолор айтылууда. Атын атагысы келбеген жаран редакцияга кайрылып, Камчыбек Ташиевге ушул багыттагы билдирүүсүн жеткизүүнү, бир катар ишкерлерге коркунуч жаралганын айтып, аманат таризинде суранды. Бизнесте жүргөн атуулдарыбыз ачыкка чыгуудан коркушат экен. Эмесе, тоголок кат таризинде жолдонсун! УКМК уюшкан кылмыштуулук менен алектенгендерге бир сыйра анализ жасап, кыймыл аракеттерин көзөмөлдөп, көмүскөдөгү былыктарды бат эле ачыктап салат. Анүчүн бир гана саясый эрк керек!
"Азия Ньюс" гезити