Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болгон адамдын токтоп калган жүрөгүн балдарга ийгиликтүү трансплантациялашты

Каза болгон адамдын токтоп калган жүрөгүн балдарга ийгиликтүү трансплантациялашты

22-февраль, 12:28
1 626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө биринчи жолу 12 жаштан 16 жашка чейинки балдарга каза болгон адамдын токтоп калган жүрөгүн трансплантациялоо операциясын Улуу Британиянын дарыгерлери жасашты. Бул тууралуу Unilad агенттигине шилтеме берүү менен“Барометр”жазып чыкты.

Улуттук саламаттык сактоо кызматынын (NHS) дарыгерлери TransMedics Organ Care System деп аталган жаңы аппараттын жардамы менен дүйнөгө биринчи жолу каза болгон адамдын токтоп калган жүрөгүн трансплантация жасашты. Процедура жүрөктү ушул шайманга туташкан стерилдүү камерага жайгаштырууну камтыйт.

Жүрөктүн кагышын иштетүү үчүн 1,5 литр донордун каны керектүү азык заттар камтылган кычкылтек менен куюлуп, орган аркылуу сордурулат. Керек болсо, жүрөк мониторлору пульттун жардамы менен орган аркылуу канды тезирээк жылдырат.

Ошентип, британиялык хирургдар өлүм балансында турган алты баланын өмүрүн сактап калышты. Эки жылдык күтүүдөн кийин орган донорун алган бейтаптардын бири 16 жаштагы Анна Хадли.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер