Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлдөгөн Өзбекстан

Гүлдөгөн Өзбекстан

01-октябрь, 17:00
303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку мезгилде Орто Азиядагы советтик республикалар өз алдынча көз карандысыз мамлекетке айланышкандан кийин бири-биринен кабар алуу, кошуналык байланыштар анчейин чыңдалбай, карым-катнаш татаалдашып кетти. Илгери бир мамлекеттин бийлиги астында бул өлкөлөрдү беймарал аралап, көйгөйсүз кыдырып жүрө берчү элек. Ушул өксүктү толтуруу максатында чыгаан математик мугалим, китепкөй досум Эшмурат Дүйшөбаевдин сунушу менен убакыт таап, анын кичи мекени – Жыззах облусундагы кыргыздар жашаган аймактардан кабар алууну, андагы боордошторго китептерди, гезиттерди ала барууну чечтик. 

Кошуналардын Тараз, Чымкент шаарларын айланып өтүп, Пахта-Аралда даамканадан казак ашканасынан ооз тийип, бат эле Өзбекстанга кире бериштеги, Ташкентке 20 чакырымдай чек ара бекетине жеттик. Жүктөрүбүздүн баарын колго алып, паспортторубузду көрсөтүп, эч көйгөйсүз өтүп кеттик.

 Мына ошол жерден дароо айырмачылык билинди. Берки тарапта эл азыраак сезилсе, Өзбекстанга кирериң менен куду чайкоо базарындай таксисттер менен акча айырбаштоочулар, жүк ташыгандар кумурскадай жайнап кетиптир. Кантип болбосун, акча табууга көнүп калышкан кошуналардын талантына таң бердик. Бул жерден жүк алып өтүп жатышкан замандаштар аябай көп экен. Автобуска негизинен кыргыз, өзбек жана тажик, анан алыскы мамлекеттерден келген чет элдик жүргүнчүлөр, саякатчылар түшүшкөн эле. Таң ата электе кайрадан автобуска отуруп, жолго көз кырымды салып бара жаттым. Түн жарымдан жаңы гана оосо да тиричиликтин айынан унааларын жүргүзүшүп, дүкөндөрүн, чайканаларын иштетип, калкка кызмат көрсөтүп жатышкан ишкерлерди көрүп, биздеги күн аркан бою көтөрүлгөнчө уктап жаткан көпчүлүк жердештеримди эстеп, артта калганыбыздын бир себеби ушундай жалкоолугубуздабы, уйкучулубуздабы (?) деп ойлоп калдым. 

Анан көптөн күткөн миңдеген жылдык карт тарыхы бар Ташкент шаарына кирип бардык. Аны көрбөгөнүмө көп мезгил болгон эле. Калаа түп тамырынан бери өзгөрүп кетиптир. Заманбап жолдорун, метро бекеттерин, көчөлөрүн, көпүрөлөрүн, турак жайларын, бизнес-имараттарын, окуу жайларын көрүп, оозум ачылды да калды. Автомашиналар селдей агылууда. Ошондо да биздегидей “нахаловка” тартип бузуучулар байкалбады. Айдоочулардын баары тартипти, эрежени, маданияттуулукту сакташат экен. Аябай берилип карап, чаң, ылай же май болгон эски машиналарды аңдабадым. Анан биздегидей ар кай жактан ташылып келген эски чет элдик унаалар таптакыр эле жок окшойт. Өзбек ашыналар автоунаалардын, автобустардын түрлөрүн өздөрү чыгарышып, калкты камсыздап жатышыптыр. Сураштырып отуруп автоунаа сатып алганга элге пайызы абдан төмөн насыялар берилерин билдим. Жолдун боюнда азыр деле бажырая ачылып турган түркүн гүлдөр, тазалык, иреттүүлүк, адамдардын кичипейилдиги кишини өзүнө тартат. Күйүүчү майлардын баасы биздикинен төмөнүрөөк. Шаардан чыгып Ташкент–Саманканд–Термез трассасынын боюнда метан газын куюучу жайлардын көптүгү көз тойгузат. Автоунаалар абдан көп болгону менен жүргүнчүлөрдү түшүрүп, бир аз эс алдырып, тез эле арзан наркта куюп жөнөтүп жатышат. Дарактар, гүлдөр орогон жерде таптаза бекер даараткана менен дүкөндөрүнүн жайгашышы да ыңгайлуу. 

 Улуу Жибек жолундагы сапарыбыз уланып, илгерки чөл аймагынын четиндеги Жыззах шаарына эсен-аман кирип бардык. Көпчүлүк жүргүнчүлөр жолдо заманбап аялдамаларда түшүп калышты. Биз каттамдын аягына дейре миң чакырымдай аралыкты 16 саатта басып келдик. “Илгери бабаларыбыз мынчалык аралык жумалап, төөлөрүн айдап, чөлдөрдү кезип кыйналып өтүшсө керек” деген ойлорго берилдим. Уюлдук телефон аркылуу байланышып, бир аз эс алып турган соң, бизди ал жактагы мекенчил кыргыздардын бири Үрүстөм Карабаев менен башынан ак калпагын түшүрбөгөн жалындуу жигит Арзымурат Мырзамуратов мээримдүүлүк менен кучак жая тосуп алышты. Автобекет шаардын кире беришинде болгондуктан, алар бизди акыркы жылдарда эле кулпуруп өскөн Жыззах шаарын ар тараптан көрсөтүү үчүн унаасында айландырып көрсөтүштү. Самарканддын жолундагы бул шаарда эгемендик жылдарында ондогон заманбап административдик имараттар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар, эс алуу парктары, окуу жайлары салынып, кескин өзгөрүптүр. Бөтөнчө Өзбекстандын советтик доордогу жетекчилеринин бири Шараф Рашидовдун заңгыраган айкели даана көрүнүп турат. Салынган жолун, светофорлорун, тигилген арча, кут дарактарын көрүп, көзүң тойбойт экен. Азыр бул калаада 200 миңге чамалаш калк жашайт. Облустун калкы 1,5 миллиондон ашып калыптыр. Мурда четки, артта калган аймак катары эсептелген Жыззахтын өсүү жолунан тажрыйба алсак болчудай экен. Өнөр жайы дүркүрөп өсүп, карапайым калктын жашоо деңгээли жогорулап, мурдагы Мырза-Чөл жашыл оазиске айланганына күбө болдук. Калктын бир бөлүгүнө мамлекет өз эсебинен чырайлуу үйлөрдү салып, теребелди жашылдандырганы үлгү болорлук эмеспи. Мага журналист катары мындай көрүнүш абдан жагымдуу сезилди. Анткени мунун баарын өзүбүздөгү кырдаал менен салыштырып бара жаттым. Анан бир чайканага кирип, Жыззахтын самсасынан ооз тийдик. Биз кичинекейин сурадык эле, анысы Бишкектеги чоң самсаларга тең келет экен. Ичинде пияз эмес эти арбын экенин көрүп, ыраазы болдук. 

Үрүстөм Ормоновичтин унаасында тегиздиктеги кыштактарды аралап, айланадагы бак-дарактарды, жүгөрү аянттары менен пахтазарларды, жашылча-жемиш жана лоя талааларын, жол боюндагы коондор, суусундуктар сатылган базарчаларды көрүп, кошуналардын ишмердигине суктанып жүрүп отурдум. Сууну негизинен жер астынан сордуруп алышат экен. Бардык жолдор жогорку сапатта асфальтталыптыр. Жол белгилери аябай көп коюлган. Баса белгилөөчү жагдай, трассада оор жүк ташыган автомашиналар өтө көп. Демек, Өзбекстанда завод-фабрикалар иштеп, продукция өндүрүп жатыптыр. Дагы бир жагдайга назарыңыздарды бургум келет. Бир аптадай достордун шаарларын кыдырып жүрүп, Бишкектегидей көчө-көйдө жыгылып мас болуп, сасып жаткан алкаштарды, базарларында бири экинчиси менен чачын жулмалашкан аялдарды, тилемчилерди, кишини бастыра койбой жөөлөгөн “тачкисттерди”, пал ачышкан цыгандарды таптакыр көргөнүбүз жок. Чамасы, баарын Кыргызстанга айдашкан көрүнөт. 

Биз түз жолдо жүрүп, заматта эле кыргыздар жашаган айыл-кыштактарды карай өрлөй бердик. Айдоочу өтө көп адамдар менен учурашып, амандашып, сапар улап отурду. Тааныштары, туугандары, достору абдан көп окшойт. Асфальт жол. Биздегиге салыштырмалуу кыйла дурус сапатта. Акыры көздөгөн максатыбызга жетип, тоо койнундагы Талды деген жалаң кыргыздар жашаган айылга кирип бардык. Мында досум Эшмурат Дүйшөбаев өзүнүн кызыктуу китебинде жазгандай, тейит уруусунун өкүлдөрү, ал эми башка жактарда найман, арык, каңды уруулары да күн кечирип жатышыптыр. Ата-бабалар малга ылайыктуу деп ушул агын суусу жок, адырлардагы жайыт жерлерди көздөшкөн окшойт. Азыркы мезгилде кыргыздар жашаган Замын районундагы айылдарда 6 кыргыз мектеп, Бахмал районунда 7 кыргыз мектеп иштеп жатыптыр. Мамлекет аларга бардык шарттарды түзүп бергенин өз көзүбүз менен көрүп, терең ыраазы болдук. Расмий маалыматтар боюнча Жыззах облусунда 40 миңден ашуун кыргыздар жашашат экен. Алардын ата-бабалары, агалары, апалары Улуу Ата мекендик согуштан кийинки жылдарда тоо арасынан Мырза-Чөлгө, Сыр-Дарыянын сол жээктерине көчүп түшүшүп, миңдеген гектар туздуу жерлерди өздөштүрүшүп, жаңы совхоздорду түзүүгө түздөн-түз жардам беришип, каармандыкты көрсөтүшкөнү тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калганын китептерден окуп билдик. Жаштардын бир бөлүгү жогорку окуу жайларынан билим алып, өлкөнүн эл чарбасынын түрдүү тармактарында эмгектенип жатышканына сыймыктанабыз. 

Мага Өзбекстандын тажрыйбалуу, калыс президенти Шавкат Мирзиёевдин кичи мекени Замын шаарын көрсөтүштү. Аны көрүп көзүм күйдү. Өзбек архитекторлору менен куруучуларына, жетекчилерине чексиз ыраазы болдум. “Кичинекей Москва го” деп ойлоп калдым. Жолдору түптүз, кенен, белгилери даана. Имараттары Чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө. Бизде да ушундай чакан калаалар болсо кана! Шавкат Мирзиёевдин түздөн-түз демилгеси менен Ташкент–Самарканд трассасынын боюнда жаңы Манас айылы бир жарым айда жогорку сапатта курулуп бүткөн. Андагы жергиликтүү атуулдар жыйынынын төрагасы, өзү да Манас атадай болгон келбеттүү Жалил Кенжеев аксакал бизге мындагы өзгөрүүлөрдү, заңгырата курулган имараттарды, кыргызча китептерди көрсөтүп, кыйлага саймедиреди. Аксакалдар кеңешинин төрагасы Берикбай Мавлянов, айыл башчынын жардамчысы Гайрат Төрөев жана башкалар президенттин “Абатташкан кыштак” деген программасы дал ушул жерден турмушка ашырыла баштаганын зор канааттануу менен баяндап беришти.

 Кийинчерээк шеригимдин кудасы жаңы үйүн бүтүрүп той өткөрүп жатканына күбө болдук. Жакшылыкка дасторкон жайылып, ак батасын берген карыялар, апалар толтура. Мында ашыкча ыгым-чыгымга, ысырапкорчулукка чек коюлганы, той сааты менен өткөрүлгөнү мага бөтөнчө жакты. Бул Улуу Жибек жолу деген кыштак Ташкенттен чыкканда 160-чакырымда. Мындагы боордоштор мени активист аял, ишмер апа Азада Кошбакова менен тааныштырышты. Ал тууралуу гезиттерден окуган элем. Өмүрлүк жолдошу Саатбек ава менен үч уул, беш кызды жакшы тарбиялап өстүрүшүптүр. Азада апа он жыл бою Жыззах облустук кеңешине депутат болуп, бир топ көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуптур. 1996-жылдан тартып айылдагы атуулдар кеңешинин төрайымы болуп үзүрлүү эмгектениптир. Алсак, жолдор анын тушунда асфальтталып, таза суу, жаратылыш газы тартылып, заманбап клуб, амбулатория курулган. Бул ийгиликтери эске алынып, “Дустлик” ордени менен сыйланган экен. Ал эки элдин достугу чыңдалып жатканын, Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин реформатордук саясатын ар тараптан кызуу колдоп, аны “Дүнүйө турганча жашашын” каалап кетти. Мындай тилектеги боордошторубуз Жыззахта абдан көп экен.

Дагы бир өтө маанилүү майрам Талды кыштагындагы №44 орто мектепте болду. Мектептерге талаштырып ысым коюлбай, номер гана берилгени ар тараптан колдоого аларлык демилге го. Анда окуучулар, мугалимдер мыкты даярдашкан залкар кыргыз акыны, педагогу, саякатчысы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракесине арналган иш-чара уюшкандыкта жана активдүүлүктө өткөрүлдү. Биз Эшмурат Тайлакович экөөбүз Кыргызстандан алып барган көптөгөн китептерибизди, гезиттерибизди мектептин китепканасына тапшырдык. 9-10-класстардын патриот окуучулары Сарвиназ Утанова, Гүлназ Акботоева, Турсун Абдужалилов, Аскар Каржовов, Жасур Тайлаков, Өткүр Тамчиев жана башкалар акындын санаттарынан окушуп, кыргыз бийлерин аткарышты. Арзымурат Мырзамуратов баштаган манасчылар манас айтышты. Эшмурат Дүйшөбаев өзүнүн китептерин тартуулап, толкундана окуучуларына акыл-насыятын билдирди. Мектептин директору Бердияр Уралов, карыя мугалим Нышан Каршыбаевдер бул билим очогу 1936-жылы ачылганын, азыркы учурда мындагы 120 окуучуга 22 педагог терең билим, татыктуу тарбия берип жатышканын баса белгилешти. Буга кошумчалай турган нерсе, президент Ш.Мирзиёев ушундай окуучусу аз айылдар үчүн да улуттук мектептерди ачууну белгилегени колдой турган демилге. Ага элдин баары ыраазы. Мектептин мугалимдери Абдулла Абдырахимов, Алмамат Жакшылыков, Муктар Элмуратовдор айына 5-6 миллион сумдан маяна алышарын билдиришти. Биздин акчага айырбаштаганда 50-60 миң сомду түзөт экен. Алардагы базар баалары, кошумча жеңилдиктерди эске алсак, жашоо-турмушка кенен жетет.

Албетте, жыззахтык кыргыздардын бир бөлүгү эне тилин, маданиятын, үрп-адатын, тарыхын билүүдө көйгөйлөр бар экенин жашырышкан жок. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө эки өлкөнүн жетекчилери тең жогорку окуу жайларында кыргыз тилчи, адабиятчыларын даярдоочу бөлүм – факультеттерди ачышып, кыргызча китептер менен гезит-журналдардан көмөк көрсөтүшөр деген үмүттөбүз. Эки дос мамлекетте мындай маанилүү маселени чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү деп ойлойм.

Ошентип дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин сабында бара жаткан Өзбекстан Республикасынан жогору маанайда кайттык. 


Адылжан Жажанов, Бишкек–Ташкент–Жыззах–Талды кыштагы–Бишкек 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер