Кашкар Жунушалиевди “министр” Улан Ниязбеков калкалап атабы?

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ала Тоо аянтынан жана Акүйдүн астынан кан төгүп, миңге жакын жарандарыбызды жарадар кылган. Үмүтбек каза тапты. Көздөрүнөн, ар кандай дене мүчөлөрүнөн айрылышып, майып болгондор да арбын. Эмне үчүн экс-министр кармалбайт? Көрсө, Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда, 7-башкармалыктын башчысы Улан Ниязбеков эң жакын кадры болгону, экөө тымызын көп иштерди бүтүрүп келишкени каңкууланды. Карга карганын көзүн чукумак беле? Элдин кыжырдануусу кайнап баратканы буларга бир тыйынбы? Айрым маалыматтардан алганда, учурдагы “министр” Улан Ниязбеков шефи Кашкар Жунушалиевди калкалап атканы ачыкталабы? Жең ичинен жан тартпаса эмгиче кармап келмек да, туурабы? “Карышкырга кой кайтарткан заманада” жашап калдыкпы?..
Aryba.kg