Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев көпчүлүктүн убалына калчудай...

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев көпчүлүктүн убалына калчудай...

07-сентябрь, 19:37
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Укмуштуунун төөсү жорго” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Бишкек шаары менен Чүй облусундагы милициялар жарышкандай кылмышка шектелишип, ИИМ, УКМК тарабынан кармалып келишет. Көндүмгө айланып калгандай. Элге үлгү көрсөтүп, тартипти камсыздай турган органдагылар өздөрү кедеринен кетип жатышса, кандай кылабыз? Бул жагынан ИИМ жетекчилиги кайсы РИИБде жаза баскандар чыгып жатышса, ошого жараша жетекчилигине баа берип, жоопкерчилик маселесин карашы зарыл. 

Айтмакчы, дагы бир олуттуу мисалга токтололу. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн салтанатта “кызыл шапкечендер” өз ара түртүшүп, мушташып кетүүгө чейинки көрүнүш соцтармактарга тарады. Андан сырткары, концерт көрүүгө ашыккан көпчүлүк аз жерден милициянын тосмосун жарып, президент, өкмөт мүчөлөрү отурган жерге чейин бастырып барууга жутунушту. Тартип, коопсуздукту алдын ала таразалап, ызы-чуудан алыс камсыздаш керек эле. Айтор, Кудай сактады. Баягы көк бөрүдөгүдөй башаламандыкка жетпегенине шүгүр! Биз эскертип коюшубуз керек, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев милдетин тийешелүү деңгээлде аткара албай, алсыздыгын көрсөтүүдө. Бул кызматка күчтүү жетекчи келбесе, эртеңки күнү “Хасбик” жаза тайып, көпчүлүктүн убалына калчудай... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер