Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Токтогазиев: “Россияда буудай баасы көтөрүлсө, бизге да таасири тийет”

Тилек Токтогазиев: “Россияда буудай баасы көтөрүлсө, бизге да таасири тийет”

04-январь, 09:00
2 370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ун комбинаттары жакынкы күндөрү ун кымбаттаары тууралуу эскертүү беришти. Мунун себептери эмнеде?

-- Унга болгон баа буудайдын баасынан жана ички атамекендик өндүрүштөн көз каранды. Жай айларында бул жагдай тууралуу белгилеп айткам. Учурда Украина–Россия согушу чоң таасир тийгизген жагдай болуп турат. Бул сырткы фактор. Азырынча биз өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыздай албайбыз. Бүгүнкү күндө бизде ал жагынан мүмкүнчүлүктөр жок. Бирок кайра иштетип жаткан ун комбинаттарына жакшы шарттарды түзүп берүү боюнча иштер дагы жүргүзүлүшү керек. Ун комбинаттарыбыздын көпчүлүгү буудайды Россиядан алышат. Эгерде Россия тарапта буудай баасы көтөрүлсө, анда автоматтык түрдө биздеги ундун баасына таасири тийет. Ошон үчүн Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакшы баада макулдашканга өкмөт дагы жардамын көрсөтүшү зарыл. 

-- Казакстандан да ун бизге көп импорттолот эмеспи. Аларда да баа жогорулай береби?

-- Мен билгенден, алар бааны эл аралык биржа баасы менен эле коюп коёт. Ошол себептүү буудай Россияныкына караганда кымбатыраак болуп калат. Мындан улам ундун баасы кымбатыраак болуп кетет. Эң реалдуусу, Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баасын түшүргөнгө аракет кылган оң. Жалпы азык-түлүк коопсуздугу жагынан стратегияны караштырып, өзүбүздү өзүбүз камсыздагандай кылып, баасы кескин түрдө көтөрүлбөгөндөй аракеттерди кылуу зарыл. Ундун баасы кымбаттаса, дан азыктарынын баарынын баасы кескин түрдө жогорулайт. Эл кымбат таттууларды жебей, баш тартып коюшу мүмкүн, бирок нандан баш тартуу мүмкүн эмес. Бул сөзсүз түрдө жашоонун кымбатташына алып келет. Ошондуктан “кымбатчылык болуп кетсе кандай стратегияны колдонобуз?” деп алдын ала мамлекет кам көрүүнү ойлонуштурганы оң.  


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер