40 миң россиялык Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө кетти


Сентябрдын акыркы күндөрүндө Казакстан аркылуу транзит менен Россиянын 40 миңдей жараны өттү. Негизги багыттар – Кыргызстан менен Өзбекстан.
Соңку беш күндө 6000ге чукул орусиялык Казакстандан аэропорт аркылуу учуп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкөнүн ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Аслан Аталыков билдирди.
"Россиялыктар релокация үчүн биздин аба майданды колдонуп жатышат" деди төрага. ИИМ өкүлүнүн билдиришинче, орус жарандарынын миграциялык агымы коңшулук жана Казакстандын транзиттик потенциалына байланыштуу.
Маалыматка караганда, быйыл 21-сентябрга чейин Казакстанга кирген-чыккан россиялыктардын саны 9-12 миң кишини түзүп келсе, 22-сентябрдан тарта Казакстанга келгендердин саны эки эсе көбөйгөн. Ошол эле маалда ИИМ күн сайын 15-17 миң казакстандык Россияны көздөй чыгып жатканын белгилейт. Ал жакта алардын туугандары, ата-энелери жашайт, балдары окуйт, бизнес жана башка иштер менен алектенишет.
Жыл башынан бери Казакстанга 4,3 миллион чет өлкөлүк кирген. Алардын ичинде Россиядан 1,7 миллион (39%); Өзбекстандан 1,5 миллион (34%); Кыргызстандан 547 миң, Тажикстандан 200 миңден ашуун, Беларустан 53 миң, Түркиядан 68 миң, Германиядан 43 миң киши бар. Ушул эле убакыт аралыгында Казакстандан 4,1 миллион чет өлкөлүк чыгып кеткен. Алардын 1,6 миллиону Россия жараны, 1,3 миллиону Өзбекстан жараны, 540 миңи Кыргызстан жараны жана 196 миңи Тажикстан жараны.
Сентябрдын башынан бери Казакстанда жашап туруу укугун 896 чет өлкөлүк сураган, арасында 115 Россия жараны бар.










