Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу баалар туруктуу, баары президенттин көзөмөлүндө”

Кеңешбай Тайлаков: “Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу баалар туруктуу, баары президенттин көзөмөлүндө”

24-август, 17:48
260 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы менен маек.

-- Акыркы убактардагы инфляция, азыктардын баасынын көтөрүлүшү, эртеңки абалыбыз олуттуу маселе болуп, ар бир үй-бүлөдө кооптонуу бар. Жакынкы аралыктагы баалар тууралуу оз оозуңуздан уксак?

-- Негизинен жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 9,5%дын тегерегинде. Бул жерде негизинен азык-түлүктүн бааларынын өсүшү бир нече белгилүү себептерден улам болду. Биринчи себеп чет элдик валюта курстарынын тез-тез өйдө-ылдый болуп өзгөрүлүшү, экинчи себеби биздин импортко болгон көз карандылыгыбыз. Мындайча айтканда, 70-80% импортко көз карандыбыз. 

Үч түрлүү азык менен гана өлкөбүздү камсыздай алабыз: картошка, жашылча-жемиштер жана сүт азыгы. Калгандары импорттон келет. Мисалы, кумшекердин 50%ы, өсүмдүк майынын 80%ы ж.б. буудай азыктары импорттолот. Биз азык-түлүктөрдү алып келип жаткан мамлекеттердеги дүң баалардын өсүшү да азыктардын кымбаттоосунун себепкери болду. Бул тармакта азык-түлүк коопсуздугу боюнча айыл чарба министрлиги керектүү азыктар менен камсыздоо жагынан иштерин жүргүзүп жатышат. Монополисттер жокко эсе. Мисалы, биз тараптан ар апта сайын мониторингдер уюштурулууда. Аналитикалык ыкмаларды күчөттүк. Башка мамлекеттерде, ЕАЭБде кандай болуп жатканына да көңүл бөлүнүүдө. Өткөн жылы көмүрдү, өсүмдүк майын, кумшекерди түз жөнгө салуу кирген. Быйыл алар кирген жок. Жөнгө салуу кирбесе да ташып келүүчүлөр ири соода түйүндөрү менен жолугушууларды уюштуруп, талкуулап, алардын өздүк нарктарын карап, бир топ ыкмалар менен иш алып барып жатабыз. Сыртка, экспортко чыгарууга тыюу салынды. Бул дагы өз таасирин берди. Биздин монополияга каршы орган түз жөнгө салуулар жок болгондуктан макулдашуулар менен иш алып барып жатабыз. Ири соода түйүндөрүндө кумшекердин 78 сомдон сатылып жатышына макулдашуулар бар. Макулдашууларга ылайык соода түйүндөрү 1 кг ашпаганын бир күндө алса 78 сомдон, андан ашык алгандарына 85 сомдон ала берет.  

Андан тышкары, ун чыгаруучулар менен дагы макулдашуулар бар. Анда негизсиз бааны көтөрбөө, жумушчу орундарын түзүү, көлөмдү жетиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча өз шарттары менен макулдук беришкен. 

-- Сезонго жарашабы кумшекерде баа туруксуздугу байкалып калып жатат го?

-- Бүгүнкү күндө кумшекер рыногунда акыркы 10-15 күн аралыгында баалар ылдыйлады. 105 сомго чейин чыгып кеткен кумшекердин баасы базарларда 90-95 сомдун тегерегинде. Ун рыногунда да кырдаал турукташа баштады. Себеби Россияда буудайдын баасы ылдыйлап, өлкөбүзгө алып келе башташты. Бул жакта да дүң баалар 2-3 сомго төмөндөөсү күтүлөт. 

Өсүмдүк майы да 130 сомдон 180 сомго чейин толук көлөмдө камсыз болгон. Бизде орточо баасы 160 сомдун тегереги. Ал эми Казакстанда 200 сом. Россиянын өзүндө 195-200 сом. Беларуста 180 сом, Арменияда 290 сомдон 300 сомго чейин. Тажикстанда 230, Өзбекстанда 210 сом. Азыркы мамлекет башчыбыздын колдоосу менен резервдерге да ири көлөмдө каражаттар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө кампада май, кумшекер, буудай азыктары жетиштүү көлөмдө сакталууда. Биринчи маселе жетиштүү көлөмдө камсыздандыруу болсо, экинчи маселе азыктын баасында.  

Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу абал туруктуу, көлөмдөр жетиштүү. Бүгүн рынок шартындагы өндүрүүчүлөр, сатуучулардын баары биздин жарандар. Иштерин ийгиликтүү жүргүзүп жатышат. Негизги максат – керектөөчүлөрүбүз менен ишкерлерибиз ортосундагы тең салмктуулукту камсыздап беришибиз шарт. Аларды катуу чектеп койгондо да рынокко терс таасирин тийгизбей койбойт. Бул жерде иреттүү иш жүргүзүү гана зарыл. Кумшекер боюнча Кайыңды кант бар. Башка өлкөлөрдөн баа бир топ төмөн болуп жатканы да ошондон. Бул боюнча сыртка чыгарбоо, кошумча нарк салыгы, дүң бааларын көзөмөлдөө иштери бир топ жакшы таасирин тийгизди. Буюрса мындан да жеткиликтүү иштерди жүргүзүп, керектөөчүлөрдү камсыздоо жагынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Сентябрдын аягында кумшекер кайра иштетиле баштайт. Ун боюнча да абал турукташат. Себеби өзүбүздө да буудай өндүрүлдү. Өсүмдүк майларын алып келип жаткан өлкөлөрдө да абал туруктуу. Андыктан ажиотажга негиз жок. Мунун баары президентибиздин катуу көзөмөлүндө. 

-- Сезондук факторлор таасир эткен азыктарга да токтолсоңуз?

-- Бул картошка, пияз, сабиз ж.б. жашылчалардын баасы сезонго жараша өзгөрүп турат. Көлөмү көбөйө баштаганда рынокто туруктуу кырдаал пайда болот. Рынок шартында миңдеген адамдар иш алып барат. Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, биздин эрежеге баш ийбегендерге, эреже бузгандарга тийиштүү эскертүүлөрдү берип, аткарышпаса тийиштүү айып пул салуу механизмдери да колдонулат. Быйыл эле 120 млн. сом айып пулдан бюджетке акча түштү. Мополияга каршы мыйзам бузгандардан ушунча каражат чогулду. 

Өткөн жылы 170 млн. сом бюджетке чегергенбиз. Кызматкерлерибиздин ишине да көзөмөл жүргүзүлүп, региондорго ротациялар жүргүзүлдү. 

Бүгүнкү күндө Ош, Аламүдүн, Орто-Сай, “Дордой моторс” базарларына да өзүм барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл менен түз жолугуп иштешип жатам. Андан тышкары Талас, Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Ош облусуна да барып, жеринен соода түйндөрүн көрүп, ири ишкерлер, жергиликтүү бийликтегилер менен жолугуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынып жатат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер